Маалыматка караганда 21-октябрда өткөрүлгөн референдумда Конституциянын жана Шайлоо Кодексинин жаңы редакциясына өлкө атуулдарынын 76,1 пайызы “ооба”, 3,6 пайызы “жок”, деп добуш беришкен. Референдумга жалпысынан атуулдардын 80,6% катышкан. Ошондой эле БШК Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышындагы депутаттардын ыйгарым укуктары токтотулгандыгы тууралуу чечим кабыл алып, Балыкчы, Керметоо жана Каракулжа шайлоо округдарынын да укук милдеттерин токтотту.(AJ)