Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

“НОРД-ОСТ” ТРАГЕДИЯСЫНА БЕШ ЖЫЛ


Москвадагы театралдык борбордо “Норд-Ост” трагедиясы” деген ат менен белгилүү болуп калган барымта окуяларынын башталганына бүгүн туура беш жыл толду. Бир нече күнгө созулган каргашалуу окуядан 130 адам набыт болгон. Алардын ичинде жаш балдар менен аялдар да бар болчу. Бүгүн Орусияда аларды эскерүү чаралары өтүп жатат.

2002-жылдын 23-октябрында Дубровкадагы театралдык борбордо “Норд-Ост” мюзикли жүрүп жаткан эле. Аны көрүүгө келген миңге жакын киши келген. Бир нече саамдан кийин чечен жикчиси Мовсар Бараев башында турган куралдуу топ театрга кирип, аларды барымтага алат. Бир сааттай убакыттан кийин өлкөнүн күч структуралары Дубровкага чогулуп, барымтачылар менен сүйлөшүү аракеттери көрүлө баштайт. Жикчилер өздөрү Чеченстандан бүт орус аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылышат. Эртеси күнү “Ал-Жазира” телеканалы ошол жикчилер орус бийликтерине ушул эле талап менен чыгышкан видео-тасманы көрсөттү. Бир нече адам, алардын арасында, белгилүү саясатчылар, маданият ишмерлери барымтачылар менен сүйлөшүүгө барууга, барымтадагы күнөөсүз адамдарды коргоп калууга аракет кыла башташкан. Бирок барымтачылар өздөрү саясатчылар Ирина Хакамада, Иосиф Кобзон келишин, анан былтыр киши колдуу болгон журналист Анна Политковскаянын келишин талап кылышат. Дал ушул кишилер залдагыларга суу алып кирип, барымтадагы бир топ кишини бошотуп калууга үлгүрүштү.

Президент В.Путин 25-октябрь күнү Кремлде өлкөнүн күч структуралары, Ички иштер министрлигинин, Коопсуздук кызматы (ФСБнын) жетечилери менен жыйналыш өткөрөт. Жыйынтыгында Николай Патрушев, ФСБнын жетекчиси, эгер барымтачылар күнөөсүз адамдарды бошотушса, алардын өмүрү сакталып калат деген билдирүү жасайт.

Сүйлөшүүлөр бир өтүп, бир токтоп, арадан үч күн өтүп, окуянын баары 26-октябрь күнү таң эртелеп күчөп кетти. Анда коопсуздук күчтөрү театрга тымызын газ айдашкан. Бир топ жардыруулар болот, октор атылат. Таңкы 6:30 тегерегинде бийликтер театрды толугу менен өкмөттүк аскерлер көзөмөлгө алышканын жарыялап чыгышты да, Мовсар Бараев менен кошо бүт жикчилер (18 аял, 32 эркек) баары жок кылынганын айтышты.

Ошол акыркы күнү театрдын айланасы тез жардам машинелерине толуп кеткен болчу. Бирок театрдын ичинде калган 900дөй кишини алып чыгып, ооруканаларга өз убагында жеткире алышпаганы, аларга тезинен медициналык жардам бере алышпаганы, анын айынан канчалаган адамдар көз жумушканы үчүн орус бийликтери азырга чейин катуу сынга кабылып келатышат.

“Норд-Ост” окуяларына азырга чейин чекит коюлбай келатканынын себептеринин дагы бири - барымтадагы адамдар да ошол газдан ууланып, “көпчүлүгү өкмөттүк аскерлердин колунан өлгөн” деген билдирүүлөрдүн чыгышы. Ошол кезде сүйлөшүүлөргө тыгыз аралашып жүргөн маркум журналист Анна Политковская дагы бул тууралуу канчалаган макалаларды жазган.

“Норд-Остто” жакындарын жоготуп алгандар өздөрүнүн коомун түзүшкөн. Алар ошол 2002-жылдан бери бийликтерден ачык жооп талап кылып келатышат. Бул жолу эми алар өз укуктарынын сакталышын жактап, Страсбургдагы адам укуктары боюнча европалык сотко кайрылганы жатышканын трагедия учурунда өз баласынан айрылып калган Татьяна Карпова бүгүн Москвада билдирди.

- Биз өз ишибизди Страсбургдагы сотко кайрылуу менен эле аяктабайбыз. Маалыматты жашырганы көптөгөн адамдардын набыт болушуна алып келгени жана шалаакылыгы үчүн штабчыларга каршы кылмыш ишин козгоо боюнча арыз менен биз Орусиянын прокуратурасына да кайрылдык, - деди Карпова.

“Норд-Ост” трагедиясы деген ат менен белгилүү болуп калган ал окуялар учурунда 130 адам мерт болсо, алардын ичинде 10 жаш бала бар болчу. Расмий түрдө алардын өлүмүнө террористтер күнөөлүү деген тыянак чыгарылган. Бирок набыт болгондордун туугандары барымтадагылардын көпчүлүгү газдан өлгөн деп, азырга чейин орус бийликтери кечирим сурашын талап кылып келатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG