Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

ТҮРКИЯ МЕНЕН КҮРД ЛАШКЕРЛЕРИ ОРТОСУНДАГЫ МАСЕЛЕДЕ АКШ МААНИЛҮҮ АРАКЕТ КӨРҮШҮ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Ирактын түндүк аймактарында жашынган күрд куралдуу топторуна каршы Түркия аскери атайын чабуул баштоого даяр турат, өлкө парламенти дагы ага уруксат берген. Вашингтон Анкарага кайрылып, андай чаралардан карманып турууну сурады, бирок АКШнын өзүнүн аскерлери азыр Иракта жана алар окшош аскерий опреация жүргүзүшү мүмкүнбү жеген маселе туулат.

Вашингтон шаарындагы Стратегиялык жана эл аралык маселелер боюнча борбордун аналитиги Энтони Кордесмандын пикиринде, бул маселени чечүүгө же аны жеңилдетүү багытында Вашингтон көрө ала турган чаралар бир топ эле:

"Эгер АКШ кандайдыр бир жолдорду таап, ирактык күрддөр аркылуу Күрд жумушчу партиясына басым жасап, ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишсе, ал өтө жакшы болот. Эгер Вашингтон ирактык күрддөр менен сүйлөшүп, Күрд жумушчу партиясынын куралдуу топторун талкалоого аларды көндүрсө, ал дагы жакшы болот. Жана эгер АКШ өзү аракет көрүп, анын аскерлери жайгашкан аймактардан ал куралдуу топторго каршы чектелүү бир чабуул жасаса, ал дагы жакшы болмок, аны менен Түркияга дагы, Күрд жумушчу партиясына дагы белги берилмек. Бирок андай аракеттер АКШ менен Ирактын Күрд аймагы ортосунда маселе чыгып кетишине алып келбеш керек. Ошондуктан мүмкүнчүлүктөр көп эле", - деп билдирди Кордесман "Азаттыктын" кабарчысы Эндрю Талли иенен болгон маегинде.

Кордесмандын пикиринде, Ирактагы америкалык аскерлер ал куралдуу топторго каршы өзү дагы чектелүү чабуул уюштурушу мүмкүн: "Күрд лашкерлерине каршы кандайдыр бир ири аскерий операция даярдоого АКШнын азыр мүмкүнчүлүктөрү жок, ал куралдуу топтор бирин-серин бөлүнүп, ар башка кокту-колотто жашынууда жана америкалыктар ал тоолуу аймактарды жакшы билбейт. Бирок Курд жумушчу партиясынын кайсы бир бөлүктөрүнө каршы аракет көрсө болот, мисал үчүн, авиация колдонуп, тоолорго аскерий тик учмаларды жиберип, белгилүү бир аймактарга чектелүү чабуул жасаса болот. Ал куралдуу топтор ар башка жерлерге бөлүнүп-жашынып кеткенче, алардын кайсы бир жетекчилерин кармоо боюнча дагы атайын чара көрсө болот", - дейт Кордесман.

Эгер андай чабуул эки жактан тең уюштурулса, куралдуу топтор талкаланышы мүмкүн, бирок андан чоң маселе чыгып кетпешин камсыз кылыш керек жана андай аракеттерге түрктөр же америкалыктар сыяктуу чет өлкөлүктөр гана эмес, Ирактын өзүнүн жана Күрд автономиясынын аскерлери катышканы жакшы. Аны менен катар карапайым калк арасындагы маанай дагы эстен чыгарылбаш керек:

"Ирактын Күрд аймагынын жетекчилиги мындай татаал маселени чечүүгө катышам десе, ал аймактарга өзүнүн пешмерга деп аталган куралдуу күчтөрүн жиберсе болот. Эгер алар Ирак армиясынын, же анын чек арачыларынын, же башка коопсуздук күчтөрүнүн курамында болсо, лашкердерди жөн гана токтотпостон, андан артык да чара көрүп, чабуул да жасаса болот. Бирок маселе - ага саясий колдоо болобу дегенде жатат. Күрд жумушчу партиясын Ирак президенти Жалал Талабани же Күрд автономиясынын жетекчиси Масуд Барзани колдобойт, бирок карапайым ирактык күрддөр арасында алар бир топ кеңири колдоого ээ", - деп билдирди америкалык эксперт.
XS
SM
MD
LG