Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

ТЕГЕРАНДЫК СТУДЕНТТЕР ТҮРМӨДӨГҮ КУРСТАШТАРЫНА ТИЛЕКТЕШТИК БИЛДИРИШТИ


Дүйшөмбү күнү Тегеранда Амир Кабир университетинин студенттери алар менен чогуу окуган 3 курсташынын түрмөгө кесилгенине нааразылык билдирип демонстрацияга чыгышты. Ал 3 студент университеттик гезитте ислам динине акаарат келтирди деп айыпталып, арты 3 жылга дейре эркинен ажыратылган.

17-октябрь күнү Ирандык сот студенттер Эхсан Мансури, Мажид Таваколи жана Ахмад Гасабанды университеттик гезитте ислам динине шек келтирген макала баскан үчүн күнөөлүү деп таап, 3 жылга дейре эркинен ажыраткан. Алар менен чогуу Амир Кабир университетинде окуган курсташтары дүйшөмбүдө нааразылык акциясын өткөрүп, бул 3 студент окуу жайдын гезитин чыгарууга катышкан эмес, жөн гана реформачыл идеяларды ачык айтканы үчүн жазаланды деп ачууланышты. Акцияга катышкан Нариман Мостафави демонстрацияга башка окуу жайларынан да жаштар да келип кошулганын, көчөгө бараткан студенттер менен аларды токтотууга аракеттенген мугалимдер өз ара кагылыша кеткенин кабарлады.

- Бүгүнкү акцияга 2000дей киши катышты. Университет жетекчилиги бул демонстрацияны болтурбоого катуу аракет жасады. Адегенде бүгүн эртең менен Амир Кабир университетинин активист студенттери окуу жайга киргизилбей койгон. Эшиктерди түртүп кирүүгө аракет жасаганда, университетти кайтарган коопсуздук күчтөрү студенттерди уруп-сабап баштады. Түртүшүп отуруп, көпчүлүк студенттер окуу жайга кирип, бүгүнкү акция акыры ойдогудай уюшулду.

Мостафавинин демонстрацияга 2000дей киши катышты деп айтканын башка булактардан ырастоо мүмкүн болбосо да, Тегерандагы акциядан тартылган сүрөттөрдөн студенттердин саны арбын болгону көрүнүп турат. Амир Кабир университети соңку кездери каршылык билдирүү кыймылынын чордонуна айланып бараткандай, өткөн декабрь айында окуу жайга президент Махмуд Ахмадинежад барып сүйлөп атканда, залдын арт жагында отургандар “диктатор!” деп кыйкырып жолугушуу өтүп жаткан жерде ызы-чуу чыгарышкан. Быйыл 8-октябрь күнү Тегеран университетинде Ахмадинежад сүйлөп жатканда студенттер ага каршы ураандарды кыйкырып, Ирандын лидерин колдогондор менен мушташа кетишкен.

Тегерандагы демонстрацияга күбө болгон чет элдик кабарчылар студенттер жакында камакка алынган укук коргоочу Эмад Бакини жана реформачыл динаятчы Хади Габелди да бошотууну талап кылышканын маалымдашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG