Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

Бүгүн - Бириккен улуттар уюмунун Эларалык күнү. 1945-жылдын 24-октябрында 51 мамлекеттин күчү менен түзүлгөн бул уюмга бүгүн 192 өлкө мүчө. Жалпы дүйнөдө стабилдүүлүктү, жайчылыкты камсыз кылууда мамлекеттер ортосундагы конфликттерди чечип, ачкачылык, айыккыс дарттар, экологиянын ууланышы өңдүү глобалдык проблемаларга каршы иш жасап келаткан Улуттар уюмунун ишмердүүлүгү соңку мезгилдерде көп сынга алына баштаган. Андыктан аны реформалоо маселеси да көп талкууга анылууда. Кыргызстанда да Улуттар уюму өзүнүн бир топ программалары аркылуу жакырчылыкка каршы күрөшүү жана башка жааттарда иш алып барат. Кабарчыбыз Төрөкул Дооров Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Уолкер мырза менен көрүшүп, ага БУУнун Эларалык күнү алдында уюм аткарып жаткан иштер тууралуу суроолор менен кайрылган эле. Уолкер мырза өз сөзүн БУУнун дүйнөдөгү туруктуулукту камсыздоодогу ролу тууралуу кеп менен баштады.

Н.Уолкер: Албетте, дүйнөдө тынчтыкты орнотууда Бириккен улуттар уюмунун мааниси өзгөчө. Буга уюмдун Дарфурда жана көп убакыттан бери Кипрде аткарып келаткан иштери жакшы мисал болуп бере алат. Ал аймактарда Улуттар уюму жетишип жаткан ийгиликтердин негизги себеби – ага ошол жерде иштөөгө берилген мандат жана каржылык жактан колдоонун көрсөтүлүп жатышы. Анткен менен Судандын Дарфур аймагында биздин уюмга аталган шарттардын баары эле бериле бербегендиктен, иш да создуктурулуп жатат. Мындай проблемалардын Борбор Азияда жок экенине сүйүнүш керек.

Т.Дооров: Нил мырза, Улуттар уюмунун ийгилигинин башкы себептеринин бири ага берилген мандат экенин айтып өттүңүз. Өзүңүздөр койгон максаттарга жетишүүдө, уюм кантип иштейт, ички механизмдери кандай?

Н.Уолкер: Биринчиден, Улуттар уюмунун өлкөдөгу 15 агенттиги, программалары жана корлору бир күч болуп иш жүргүзөбүз. Мында үч негизги багыт бар. Биринчиси – биз мамлекеттер ортосунда түзүлгөн каржы корлору менен иштейбиз. Экинчиден, бир менен биргелешип түзүлгөн долбоорлор үстүндө аракеттенебиз. Мисалы, Кыргызстанда Улуттар уюму биргелешип түзгөн долбоорлордон ВИЧ/СПИД ооруусу менен күрөшүү, адам укуктары, гендердик маселе жана жаратылыш кырсыктарынан жапа тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча иштерди атасам болот. Бул жааттагы иште да БУУнун баардык агенттиктери бир күчкө топтолуп иштейбиз. Акыркысы, коюлган милдеттерди аткарууда Улуттар уюмунун жер-жерлердеги үйлөрүнүн, кеңселеринин иши. Бизге мында жергиликтүү өкмөттөр жакшы шарттарды түзүп турушат.

Т.Дооров: Жакында Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун кезектеги Асамблеясы ишин жыйынтыктады. Бул жолу да уюмдун ишин жакшыртуу үчүн ага реформалар талап кылынаары тууралуу көп айтылып жүргөнү көңүл жаздымында калган жок окшойт. Улуттар уюмундагы реформалар тууралуу сиздин жеке пикириңиз кандай?

Н.Уолкер: Рахмат, бул абдан маанилүү маселе. Мен 19 жыл Улуттар уюмунун Өнүктүрүү програмасында иштедим, эми азыр БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү катары иштеп жатам. Мен Улуттар уюму менен сыймыктанам. Биз ишибиз натыйжалуу болушу үчүн аракет кылып, жыйынтык үчүн күрөшүп жатабыз. Кээде бул аябай татаал, бирок аракетибизден жаза элекпиз. Уюмдун Башкы Ассамблеясы – бул дүйнөлүк конгресс. Ал эми башкы-катчы бул АКШнын, Орусиянын же дагы бир башка мамлекеттин президенти эмес, бул, эң оболу, дүйнөлүк администратор. Анын укуктары да чектелүү. Андыктан уюм баардык эле маселелер боюнча бир тыянакка келе албай жатканы да ошондон. Каражаттын басымдуу бөлүгү жер-жерлерде башкарууну жакшыртууга, медициналык программаларды ишке ашырууга, таза суу жертикүүгө, билим берүү программаларына жумшалат. Көп учурда Улуттар уюму мунун баарын өз демилгеси менен эле жасап жатат. Мисалы, биздин Өнүгүү программабыз донорлор тарабынан каржыланат жана жумурияттар буга каржылык колдоо көрсөтүүгө милдеттендирилген эмес. Андыктан биз Кыргызстандагы ишибизде да жакшы жыйынтык үчүн күрөшөбүз.

Т.Дооров: Нил мырза, сиз Кыргызстанда былтыр жыл этегинен тарта иштей баштадыңыз. Өлкөнүн баардык аймактарында болуп чыксаңыз керек. Улуттар уюму бул жерде аткарып жаткан иштердин негизгилеринин бири жакырчылык менен күрөшүү экенин да айтып өттүңүз. Ошол айыл жерлериндеги элдин турмушу тууралуу кандай ойдосуз?

Н.Уолкер: Сурооңузга рахмат. Мен чын эле кыска мөөнөттө дээрлик баардык облусттарды кыдырып чыкканыма аябай сыймыктанам. Өлкөңүздөрдүн кооздугу, анын табияты өзгөчө жакты. Мени аябай кубандырганы кыргыз эли да табиятка камкор эл экен. Чынында, Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли төмөндөп баратканын, мурдагы 45%дан азыр 39%га түшүп баратканын байкап жатабыз. Бул – аябай жагымдуу көрүнүш. Анткен менен, жакырчылык баары бир жогору деп айтаар элем.

Бул жолу Улуттар уюмунун эларалык күнү Кыргызстанда да белгиленет. Анда биз жер-жерлердеги кедей адамдар өндүргөн тамак-аш дагы башка иштердин көргөзмөсүн уюштуруп жатабыз. Көргөзмөгө чоң бизнесмендер, расмий адамдар болушат. Ошондо биз “атайын даярдалган тамак” уюштурабыз. Аны “атайы” деп жатканымдын себеби – ал жерде тамак баарына эле жете бербейт. Башкача айтканда, конокторго айылдарда жакыр үй-бүлөлөрдө коюла турган тамак коюлат. Мунун максаты – ошол чоң бизнестеги, бийликтеги адамдар да Кыргызстандагы жөнөкөй элдин турмушун көрсүн дейбиз.

Т.Дооров: Демек, сиздер ал кишилерди да чыныгы жашоо эмне экенин түшүнүүгө мажбурлап жаткан турбайсыздарбы!

Н.Уолкер: Албетте. Биз аларды бул форумга келиш үчүн белет алууга мажбурлап, бирок “силерге тамак жетишпей калышы мүмкүн” деп жатабыз. Ошондо алар чыныгы жакырчылык эмне экенин түшүнөт да, өлкөдө калктын басымдуу бөлүгү кандай турмушта жашап жатканын билишет. Мунун өзү жакырчылык менен күрөшүүгө чоң жардам болот деп ишенебиз. Алар деле тамак талашып көрүшсүн да!

Т.Дооров: Нил мырза, маегиниз үчүн чон рахмат!
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG