Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:06

Калифорния штаты тилсиз жоо менен күрөштү улантууда


АКШнын Калифорния штатында күч алган өрттүн айынан ал аймактан жарым миллиондон ашуун жергиликтүү тургундар чыгарылды. Өрт бир миң эки жүз турак-жайды жок кылды. Тилсиз жоо менен күрөшүү үчүн бир нече миң өрт өчүргүчтөр, авиация жана улуттук гвардия тартылды. Жекшемби күнү башталган өрт катуу шамал жана кургакчылыктын кесепетинен жүздөгөн чарчы километрге жайылды.

XS
SM
MD
LG