Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:16

ЭМИ ЭМНЕ БОЛОТ?


Парламент тарады. Эми эмне болот? Буга карата саясат таануучулардын ой-пикирлери кандай? Ушул суроолорго жооп издеген «Дело №…» гезити айрым аналитиктерге кайрылды. Кыргызстан политологдор ассосациясынын деректири Токтогул Какчекеевдин ою боюнча, Бакиев референдумдан кийин дароо чабуулга өтүп, ар кими ичинен өзүлөрүн президент сезе баштаган оппозиционерлердин буямасын келтирбей туруп бурчка такады. «Түндүк альянсы» деп аталган депутаттар тобу мынчалык күтүүсүз ылдам кадамга даяр эместигин, анын үстүнө арасында караңгыда көз табар калдайы жок экендигин көрсөттү. Президент ушуга удаа эле ар кандай жытты тумшугун желге тосо коюп эле биле коймо саясатчылардын аракетин пайдалануу менен «түштүк партиясын» кошпогондо көпчүлүгү баягы акаевдин «Адилет» менен «Алга, Кыргызстандын» мүчөлөрүнөн турган өз партиясын түздү,-деп айтты. Токтогул мырза сөзүн андан ары улантып, эми мындан ары саясый күрөш жаңы сапатка- жердешчилик күрөштөн корпоративдик күрөшкө өтөрүн, Бакиев өзүн бышып калган саясатчы катары көрсөткөнүн, анын бүгүнкү технологдору менен саясат жасагычтары маскөөлүктөр менен балтикалыктардын ашташынан турарын, ушуну менен Бакиевдин азиялык революционер катары оюну бүтүп, европалык стратегиялык жолго түшкөнүн, биринчи жолу жоопкерчиликти да, биринчи жолу соккуну да өзүнө алганын, бирок бейиштин бешигине бөлөнүп, жашоонун жыргалына көнө түшкөн депутаттар өздөрүнүн позициясын оңой-олтоң эле бере койбостугун, күрөштүн күңгөй-тескейи дагы алдыда жаткандыгын, бирок кандай болгон күндө дагы 2010- жылы жаңы сапаттагы, цивилизациялуу оппозицияга ээ болорубузду белгиледи.

Саясый-укуктук изилдөөлөр борборунун эксперти, юридика илимдеринин кандидаты Гүлнара Искакова 2005-жылы Акаев түзүп үлгүрбөй калган «чөнтөк парламентти» эми чындап Бакиев түзөрүн, анын партиясынын добушун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик бийликте олтурган атка минерлер жапырт шайлоо оюндарына аттанып, бурмалоолор башталарын, аны менен кошул-ташыл митинг, демонстрациялар күчөрүн, анан өлкөгө чукул кырдаал жолою киргизилерин айтуу менен президенттин бул кадамын демократиядан чегинүү деп баалады.

Тарых илимдеринин доктору Александр Князевдин айтымында, К.Бакиевде башынан бери эле авторитардык моделге ыктоо аракети күч болгон. Президенттин «Ак жол» партиясы бийликтин өкүм-кысымы астында келаткан шайлоодо каалаган добушун камсыз кылат. Кыла албай калганын Борбордук шайлоо комиссиясы жасап берет. Көрөрсүңөр, биздин туругу жок сясатчылар, болгондо да оппозициябыз деп жүргөндөрдүн ичинен эми «Ак жолго» өтө качкандар болот. Ошентип окуя эки жол менен өнүгүшү мүмкүн. Бири-оппозиция акыры таалайынан таап, таш түшкөн жеринде оор болуп, баягыдай мөңкүбөй… өлкө авторитардык туруктуулук жолу менен кетет же бийликке каршы турган күчтөр уюшууга жетишет да кайрадан ызы-чуу, кайрадан митинг, кайрадан демонстрациялар башталат.

«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити саясый- укуктук изилдөөлөр борборунун деректири Т.Ибраимовдун пикирине орун берген. Аналитиктин айтымында «Ак жол» партиясы жаңы Жогорку Кеңеште көпчүлүк добушка ээ боло албайт. Анткени, президент түзгөн бул партиянын эл алдында кадыры жок, эл бул жолку шайлоодо оппозициялык багыттагы партияларга көп добуш берет. Бийлик админстративдик басым-кысымын баары бир жасайт, бирок ал өтө олуттуу каршылыкка апкелет. 5 пайыздык тосмодон президенттин «Ак жолу», оппозициялык айрам партиялар, социал-демократтар менен коммунисттер өтүп келиши мүмкүн.

Бүгүн «Эркин тоо» гезитинин эки саны удаа жарык көрдү. Бири-кечээ президент Бакиев кол койгон «Кыргыз Республикасынын жаңы редакциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө президенттин жарлыгын жарыяласа, бири- «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралуу» мыйзамды басты.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG