Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

12:42 Президент Атамбаевдин өкмөтүн отставкага кетирүү боюнча жарлыкка кол койду


Президент Курманбек Бакиевдин айтымында мындай кадам өкмөттүн ишмердүүлүгүн негизинде болгон жок. Анын пикиринде өкмөт өз ишин ийгиликтүү аткарып келген. К. Бакиев бул чечимин жаңы конституциянын кабыл алынышы менен негиздеп, азыркы өкмөт мүчөлөрүн жаңы өкмөт түзүлмөйүнчө ишин уланта берүүсүн өтүндү. Ал эми премьер-министирлик кызматка талапкерди, парламентте көп орунга ээ болгон партия көрсөтөөрүн белгиледи. “Мамлекеттик мекеме жана министирлик жетекчилери парламентке шайлана албайт. Эгерде талапкерлигин кое турган болсо, анда алар кызматынан чегиниши керек. Бул жаңы Конституция жана жаңы шайлоо кодексинде көрсөтүлгөн”,- деди К. Бакиев. (ESu)

XS
SM
MD
LG