Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

14:34 Таласта референдумга каршы чакырган баракчаларды таркаткан хизбутчуларга каршы кылмыш иши козголду


20-октябрда Талас шаарында референдумга каршы чакырган баракчаларды таркатып жүргөн жеринен милиция үч адамды кармаган. Алар Талас районундагы Балбал айылынын тургундары Алыбаев Максат, Абдиев Тынчтык жана Талас шаарынын тургуну Ибраимов Тилек болуп чыккан. Алардан алынган баракчада «Куран жана сүннөттөн башка конституцияны турмушка колдонуу арам. Референдумга катышу арам» деп жазылган. Кармалгандар түшүп жүргөн автоунаанын ичинен 675 ушундай баракча алынган. Укук коргоо органдары кармалган хизбутчулар экстремисттик маанайдагы баракчаларды таркатышкан деп эсептеп, аларга кылмыш иш козгоп, тергөө амалдарын баштады. (UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG