Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

14:35 Кыргызстанда “Ат чабыш 2007” үчүнчү эларалык фестивалы өтөт


Аталган иш чара Ысыккөл облусунун Барскоон айылында 31-октябрдан 4-ноябрга чейин болот. Бул тууралуу фестивалдын уюштуруу комитеттинин башкы деректири Жалин Рипар билдирди. Фестивалда акындардын айтышы, улуттук ат оюндары, кыз-куумай, тыйын эңмей, кунан чабыш, оодарыш жана башка оюндар тартууланат. “Кыргыз көчмөндөрүнүн маданий, руханий жана экономикалык жашоосунун негизи болгон кыргыз жылкысынын өзгөчө сапаттары эпостордо, ырларда жана байыркы китептерде жазылып, далилденип жүрөт. Бирок 21-кылымда бул көрүнүш кескин өзгөрүп кетти. Бугүн болсо кыргыз жылкысынын тарыхындагы, маданияттагы жана бүткүл элдин байлыгы катары даңазалуу өз ордун кайра калыбына келтирүү абдан маанилүү”, - деди Жалин Рипар. Фестивалдын ачылыш аземи Бишкек шаарындагы А.Малыдабаев атындагы опера жана балет тетарында өтөт. (ESu)

XS
SM
MD
LG