Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

АЛИКБЕК ЖЕКШЕНКУЛОВ: ОППОЗИЦИЯ БИРИКПЕСЕ ШАЙЛООДО БИЙЛИКТЕН ЖЕҢИЛЕТ


Президент Баш мыйзамдын жана Шайлоо кодексинин жаңы редакцияларына кол коюп, кезексиз парламенттик шайлоону 16-декабрга дайындады. Айрым серепчилер парламенттик чукул шайлоо өткөрүү демократияга ылайык келбестигин айтышууда. Бул маселелер боюнча таңкы “Азаттыкка” саясат таануучу, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов ой-пикир бөлүштү.

- Президент Конституциянын жаңы редакциясына кол коюп жатып, жаңы Конституциянын кабыл алынышын демократия куруу жолунда алдыга карай чоң кадам болуп саналат деп айтты. Сиз ушуга кошула аласызбы? Дегеле референдумдун өтүшү, жаңы Конституциянын кабыл алынышы боюнча эмнелерди айта аласыз?

- Эми бул белгилүү нерсе болуп калды. Мен мындай пикирге кошула албайм. Анткени, эл аралык коомчулук, ОБСЕ, АКШнын элчилиги ачык эле айтып жатышат, бул референдум көп мыйзам бузуулар жана шашылыш түрдө өттү деп. Айтылган кемчиликтерге мен кошулам.

- Сиздин оюңузча парламентти таратууга негиз бар беле?

- Парламентте эки жылдан бери талаш-тартыш көп болуп кеткен. Саясий жактан парламент кемчилик кетирген. Ишинен да көп кетирген. Ар кандай инсандар ар кандай жолдор менен келген. Бирок, юридикалык жактан карасак бийликтегилер жакшы тактап, элге жакшы түшүндүрө алган жок. Ошондуктан юридикалык жактан кандай себептер болгонуна азырынча баа бериш кыйын.

- Аликбек мырза, кечээ президент кезексиз парламентти шайлоону 16-декабрга дайындаган жардыкка кол койду. Айрым серепчилер болсо бул демократияга ылайык келбестигин айтып жатышат. Сиздин оюңузча бул өтө эле чукул убакыт эмеспи?

- Ооба, эмнегедир бийлик абдан шашып жатат. Бул дагы бүгүнкү күндө Кыргызстандагы саясий кырдалдын күчөшүнө жана карама-каршылыктар көп болуп кетишине алып келет менин оюмча. Кодексти дагы бир сыйра такташ керек. Анткени, андан башка дагы партиялар боюнча мыйзам болуш керек. Ал мыйзам болсо эски. Ошол мыйзамды тактап, жаңы мыйзам кабыл алып андан кийин гана шайлоого барсак болмок. Азыр болсо референга шашкандай бул маселе да абдан шашылыш түрдө өтүп жатат.

- Сиздин оюңузча бийликтин мындай шышылыш кадамдарга барышына эмне себеп болууда?

- Азыр социалдык-экономикалык маселелер абдан курчуп жатат. Өкмөт бааны ылдыйлатабыз деп аракет кылды. Бирок 3-4 күнгө төмөндөп, кайра көтөрүлдү. Мындан ары дагы көтөрүлөт. Анткени, бизде экономикалык абал оор. Кыш дагы кыйын болот. Андан башка дагы энергетикалык, дүйнөлүк институттардын айтымында, энергетикалык күчтөр күч алып, баалар кымбаттайт деген маалыматтар бар. Ошого карата булар шашып жатса керек.

- Эми кандай күн болгондо да шайлоо жарыяланды. Ошого биздин саясий партиялар даярбы азыркы күндө?

- Көбү даяр эмес. Бирок, бүгүнкү күндө оппозиция жана ортодо турган күчтөр бирикпесе, бир партиянын желеги менен чыкпаса эч ким нерсе кыла албайт. Мындан ары алар шайлоодо эң жок дегенде 5 % барьеринен чыкпаса андан ары саясий абал дагы курчушу мүмкүн.

- Кечээ “Ата Мекен” партиясы менен “Ак шумкар” партиясы шайлоого бир тизме менен барууга макулдашкандыгын билдиришти. Дегеле бул шайлоодо оппозициялык партиялар бийликтин партиясы менен тең тайлаша алабы?

- Менин оюмча, эгер оппозициялык бардык партиялар бириксе тең тайлаша алат. Эң негизги социалдык-экономикалык кырдаал өзүнүн таасирин берип жатат. Өкмөткө нааразычыктар көп. Эгер алар бириксе тең тайлаша алат.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG