Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

БАРСКООНДО АКЫНДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛЫ БОЛОТ


1-4-ноябрь күндөрү Барскоондо кыргыз атына арналган иш чаранын алкагында “Айтыш-2007” эл аралык фестивалы болмокчу. Ал фестивалды уюштуруу комитетинин жетекчиси Фархат Бекмамбетов таңкы “Азаттыкка” фестиваль боюнча маек куруп берген.

- Алгач бул фестиваль тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

- Бизде жакын арада Ысыккөл облусунун Барскоон айылында кыргыз атына арналган чоң республикалык масштабдагы фестиваль өтөт. Бул фестиваль аркылуу биз жылда “Айтыш” коомдук бирикмеси өткөрүп келген акындардын чоң айтышын уюштуруп жатабыз. Бул фестиваль 1-ноябрдан 4-ноябрга чейин Барскоон жергесинде өтөт.

- Анда даярдыктар аяктап калса керек. Канча төкмө акын катышат?

- Тандоо туру Ошто жана Бишкек шаарында болуп өттү. Бүгүнкү күнгө жыйырма жети акын тандалып алынды. Чүй, Нарын, Талас, Баткен, Ош бардык региондордон акындар катышат. Даярдыгыбыз жакшы.

- “Айтыш” коому жылда ушундай фестивалдарды өткөрүп келет. Быйыл баш байгеге кандай байгени койгону турасыздар?

- “Айтыш” коомунун жалпы байгеси 500 миң сомду түзөт. Быйылкы баш байге “Жигули” автомашинасы болот.

- Кыргызстандагы төкмөлүк өнөрдүн абалы жөнүндө айта кетсеңиз?

- Төкмөлөр мындан 5-6-жылга салыштырмалуу азыр бир топ эле жогорку деңгээлде иштеп калды. Анткени, жакында ЮНЕСКО тарабынан айтыш өнөрү бул адамзаттын оозеки чыгармаларынын шедеври болуп келген. Мурда Туугандай Абдиев, Ашыраалы Айталиев, Замирбек Үсөнбаев, маркум Эстекем болуп аз эле акын калган болсо, азыркы күндө жаштар арасынан суурулуп айтышка берилген таланттуулар көбөйө баштады. Биз уюштурган тандоо турунда 50-60 жакын акындар катышты. Бул айтыш өнөрүнө катышкан таланттуу жаштар арабызда арбын экен. Бул бизди сүйүнтүп турат.
XS
SM
MD
LG