Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Бүгүн Президент К. Бакиев Конституциянын жаңы редакциясы күчүнө киргенине байланыштуу А. Атамбаевдин өкмөтүн кызматтан кетирди. Эксперттер өкмөттүн аткарган иштерине өздөрүнүн баасын берип жатышат. Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев «Азаттык» менен болгон маегинде Атамбаевдин өкмөтү экономиканы жакшы карай алган жок деген пикирин билдирди.

- Эми биринчиси - булар кыска мөөнөттө иштеди го. Бирок мен байкасам конкреттүү иштер деле жок болду окшойт. Бул өкмөт иштеп жатканда баалар кыйла өстү. Өкмөт баалардын маселесин жакшы көзөмөлдөгөн жок. Экономиканы талдап, мазмундуу изилдеген жок. Ошон үчүн баалар өсүп кетти. Бул өкмөттүн ишиндеги эң начар жагы болду. Эл абдан кыйналып турат. Экинчиден, ишинин көбүндө эле пиар болду окшойт. Тигини жакшы кылабыз, муну жакшы кылабыз деген сөз болду. Программаны кабыл алышты орто мезгилге. Эми анын дайыны жок. Ал программа аткарылдыбы же аткарылган жокпу деген маселе да. Бул өкмөткө мен “5” деген бааны коё албайт элем. Ал эми экинчи маселе, бул президенттин карамагында да. Убактылуу милдеттерин аткарсын деген указ чыкты да.

-16-декабрда шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаев кайра өкмөткө келиши мүмкүнбү?

- Анда эми саясий күчтөрдүн балансы башкача болуп калат да. Эми “Ак жол”, Ак шумкар”, “Ата Мекен” ж.б. партиялары кандай иштейт. Мына бүгүнкү өкмөттүн башчысы социал-демократтардын лидери да. Эми булардын күчү жетеби, канча орун алышат, ошондо билинет го. Балким коалициялык өкмөт түзүлөт, а балким “Ак жол” деген партия утуп кетээр. Эми аны убакыт көрсөтөт. Ага чейин шайлоого даярдык болуп, үгүт иштери жүргүзүлөт. Элди алганга күч аракеттерин жумшашат. Алдын ала маалыматты бере албайм. Бирок мен ойлоп жатам “Ак жол” партиясы бул жаңы партия. Бийликтин күчү менен түзүлгөн “Ак жол” партиясына эл бир топ ишенич көрсөтүшү мүмкүн. Эми аны мезгил көрсөтөт.
XS
SM
MD
LG