Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

АПРЕЛЬ МИТИНГИСИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ КАМАЛУУДА, УЮШТУРГАНДАР АКҮЙДӨ


Кечээ апрель митингисине катышкан дагы бир жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Анын аты-жөнү тергөөгө жолтоо кылат деген жүйө менен азырынча айтылбай жатат. Андан бир күн мурда Биринчи май райондук соту ошол эле митингдин эки катышуучусун 4 жылга эркинен ажыраткан. Укук коргоочулар, ошол митингди уюштургандар ээн-эркин жүрүп, алды акүйдө чоң кызматка орношо баштаган чакта жөнөкөй жарандардын камалып, соттоло баштаганы жаман жышаан дешет.

Тогуз күнгө созулган апрель митингиси 19-апрель күнү акүйдүн алдындагы тополоңдун айынан куулуп таркатылгандан кийин, ага тиешеси барларды УКМК менен Башкы прокуратура тергеп, сурай баштаган. Бирок, ошол митингди уюштургандардын алды айыптоодон толук кутулуп, ал тургай акүйгө чоң кызматка кетишти. Ал арада митингдин төрт катышуучусу айыптуу деп табылып, Биринчи май райондук соту тарабынан төрт жылга эркинен ажыратылды. Ал эми кечээ күнү УКМК ошол митингдин дагы бир катышуучусун камады. УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рысбек Быкын уулунун айтымында, кармалган жарандын аты-жөнү тергөө амалдары жүрүп жаткандыгына байланыштуу азырынча айтылбайт:

- Ошол материалдар боюнча бардыгы ошол эле бойдон. Экөө издөөдө.

Апрель митингисинин башында тургандардын бири, ишкер Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, Өмүрбек Субаналиевге карата козголгон иш толук токтотулганы менен башкаларга карата козголгон иши токтотула элек. “Демократиялуу өлкөдө эч качан митингдерге катышы бар адамдар камалбайт”,- дейт ал:

- Митингдерге катышканы жана уюштурганы үчүн дүйнөдө, маданияттуу өлкөдө эч качан түрмөгө отургузбайт, камабайт. Тартипти бузуп койсо ага административдик жаза гана колдонулат. Ошондуктан азыркы бийлик өз эллин коркутуп, багынтып, өзүм гана башкарам деген жолго кетип баратат.

Ошондой эле ал апрель митингисин чогуу уюштуруп, учурунда үзөнгүлөш иштешип, кийин капысынан акүйгө чоң кызматка кеткен Өмүрбек Субаналиев тууралуу мындай деди:

- Митингди уюштургандардын бири ошол болчу. Ошондуктан, ал кызматка барардан мурда айтса болмок, «мобу ишти токтоткула, анан иштеп берейин»,- деп. Бирок, ошол ишти токтотпой туруп өзү кетип калганы, эл үчүн дагы, башкалар үчүн дагы эң туура эмес иш жасаганы.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, апрель митингисине катышкан адамдардын соттолуп, камалып жатканына катуу нааразы экендигин билдирди. Ал ошондой эле аты аталган комиссия бул иш боюнча камалып, соттолгондорду боштондукка чыгаруу үчүн бардык чараларды көрөт деп ишендирди.

“Ар-намыс” партиясынын тең төрагасы Эмил Алиевдин пикиринде 19-апрелде эч кандай баш аламандык болгон жок. Аны бийлик өзү Өмүрбек Субаналиевге чоң кызмат берүү менен далилдеп койду:

- Апрелдеги митигде эч кандай баш аламандык болгон эмес. Муну бир эле факты менен далилдесе болот. Мисалы, «Субаналиев ушунун баарын уюштурган» деп коюп, кайра ошол эле убакта аны актап, акүйгө алып барып чоң кызмат берип койгондору.

Эки күн мурда ошол эле митингиге катышкан Жылдызбек Кенжебаев менен Амантай Сейталиевди Биринчи май райондук соту 4 жылга эркинен ажыраткан. Алардын адвокаты Мадина Ниязованын айтымында, айыпталуучулар тергөө учурунда күнөөлөрүн толук моюнга алып коюшкан. Ошол себептүү ал соттун чечиминин катаал болуп калганына гана макул эмес:

- Соттун чечими чыкты, мен бир гана чечимдин катаал болуп калганына макул эмесмин. Ошону жокко чыгаруу үчүн аракет кылам. Анткени айыпталуучулар күнөөлөрүн толук мойнуна алып коюшкан.
XS
SM
MD
LG