Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

БУУ: КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫНЫН ЖАРЫМЫНА ЖАКЫНЫ ЖАКЫР


Бүгүн 24-октябрда дүйнөдө Бириккен улуттар уюмунун эл аралык күнү белгиленүүдө. Быйыл бул күндү белгилөөнүн алкагында жакырчылыкты жоюу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Кыргызстанда жакырчылык – эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Акыркы мезгилде өлкөдө экономикалык абал бир аз да болсо жакшырды деп айтылганы менен, бул уюмдун маалыматтар боюнча Кыргызстандагы элдин 47,7 пайызы же жарымына жакыны жакыр жашайт. Мына ушул маселе бүгүн БУУнун эл аралык күнүнө арналып, Бишкекте өткөн жыйынында талкууланды.

Абдилаким Мансуров Баткен областынын тургуну. Ал акыркы айларда азык түлүккө, дан азыктарына болгон баанын жогорулашы ансыз да жакыр жашаган карапайым калктын турмушун ого бетер оорлотконун айтат:

- Нанга, унга болгон баанын кымбатташынын кедергеси биринчи ирээт бизге окшогон карапайым калкка тийди. Анткени Баткенде элдин басымдуу бөлүгү жакыр жашайт, абал аябай эле оорлоп калды. Учурда бизде ун жана үрөн маселеси курч турат. Бийлик тараптан колдоо деле болгон жок. Болгону БУУнун жакырчылыкты жоюу программасынын элге аз да болсо жардамы тийди.

Советтер Союзу кулап, Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан тарта эл итке минген абалга жакындаган. Статистика 1996-жылы кыргызстандыктардын 51 пайызы кедей болгонун көрсөтсө, 2000-жылы бул сан 63 пайызга жеткен.

Элетте жашоо оорлоп кеткендиктен жумушсуздуктун айынан өз жерин, өлөң төшөгүн, үйбүлөсүн таштап, чет жакка чыгып жаткан атуулдардын саны арбын. Маселен Баткен областында ар бир сегизинчи тургун жумуш издеп чет жакка кетип жатат.

Кыргызстанда жакырчылыктын азабын өзгөчө элет жеринде жашагандар сезүүдө. 2006-жылдагы маалыматтарга караганда айылдыктардын жарымына жакыны же 47,7 пайыз эл жакыр жашайт. Ал эми шаардыктардын 26 пайызы кантип нан табуунун аргасында.

БУУнун билдиргенине караганда бул көрсөткүч өлкөдө жакырчылыктын деңгээли төмөндөп баратканын көрсөтүп турат. Эң эле жакыр деп Жалалабат, Нарын, Ош жана Баткен областары эсептелинет. Баткен областында калктын жарымынан ашууну жакыр жашайт.

Мына ушундай жагдайда жакырчылык менен күрөшүү максатында башка көптөгөн өлкөлөр менен катар Кыргызстанда да бир нече жылдардан бери БУУнун жакырчылыкты жоюу боюнча программалары иштеп келатат.

БУУнун өкүлү Мира Жангарачева жакырчылыкты жоюу боюнча стратегия дүйнөдөгү кырдаалды, өзгөрүүлөрдү эске алып, ага толуктоолор киргизилип жакшыртылып турушу керектигин айтты:

- Кыргызстанда азыр өтө бай, өтө жакыр жашаган адамдардын катмары пайда болду. Бизде орто жашаган калктын катмары жок болуп калды. Бизде өлкөнүн экономикасын көтөрө турган майда ишкерлер жок. Маселен Бишкек, Чүйдө жакырчылыктын деңгээли 15 пайыздай болсо, Түштүк региондордо калткын жакыр жашаган бөлүгү 57-58 пайызды түзөт. Эмне үчүн? Анткени бардыгы Бишкекте отуруп алып, айыл жерлердеги абалга эч ким эч кандай көңүл бурбай жатат.

Өз убагында жакырчылыктан арылуу максатында республикада бир канча программалар иштелип чыкканы менен коюлган максаттар кагаз бетинде гана кала берген. Анткен менен, президент адмминистрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн эксперти Учкунбек Ташбаев өлкөдө жакырчылыкты жоюда бийлик тараптан болгон аракеттер көрүлүп жатат деп ишендирди:

- Биз өлкөдөгү жакырчылыкты 42 пайыздан 30 пайызга чейин кыскартуунун үстүндө аракет кылуудабыз. Эгерде жыл сайын өлкөдө экономикалык өнүгүү 9 пайыз болуп турса, анда 2010-жылы жакырчылыктын деңгээли 30 пайызды түзүп калат.

Ал эми ишкерлер клубунун төрагасы Эмил Үмөталиев жакырчылык менен күрөшүүдө бийлик тараптан тиешелүү шарттар тзүлүшү керек деп эсептейт:

- Бийликке жеткендер мамлекеттүүлүктү өз кызыкчылыгына пайдалангандыктан биз мына ушундай татаал мезгилди башыбыздан өткөрүп отурабыз, деген пикирин Эмил Үметалиев “Азаттыкка” билдирди.

Бейрасмий маалыматтарды алып карасак, өлкө боюнча жакыр үй бүлөлөрдүн жарымынан көбү айыл жергесинде жашайт. Алардын 12 пайызга жакындайы чай нан менен отуруп калгандар.

Эми нандын баасы эки эсеге кымбаттаганда алар мындай мүмкүнчүлүктөн да арылып калышы мүмкүн. Ал эми расмий бийлик өлкөдөгү азык түлүк кризисин чечебиз деп убада берип келгени менен азырынча жайынтыктар турмушта байкалбайт дешет адистер.

XS
SM
MD
LG