Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

21-октябрда референдумда кабыл алынган Конституция күчүнө киргенден кийин президент өз жардыгы менен Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүн кызматтан кетирди. Бирок жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өкмөттүн милдетин аткаруу кайрадан Атамбаевдин өкмөтүнө жүктөлдү. Ал эми жаңы өкмөт парламенттик шайлоодо жеңип келген партия тарабынан түзүлөт.

Президент Курманбек Бакиев кызматтан кетирилген өкмөт мүчөлөрү менен бүгүн жолугушуп, алардын ишине негизинен оң баа берди. Бирок дан, унга баанын көтөрүлүшүн ооздуктоо боюнча иштер дагы да чечкиндүү жүргүзүлүш керектигин билдирди. «Бул өкмөт өзүнүн натыйжалуу иштей алаарын көрсөтө алды. Ошондуктан темптен жазбай ишти уланткыла»,-деп айткан президент өз сөзүндө.

Ал эми оппозция жана айрым эксперттер Алмазбек Атамбаевдин өкмөтүн сынга алууда. Маселен, оппозиция лидерлеринин бири Кубатбек Байболов Алмазбек Атамбаевдин өкмөтү аракетке жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алдыбы деген суроого минтип жооп берди:

-Албетте, алты айдын ичинде өлкөнүн экономикасын көтөрүп, элдин турмушун жакшыртып жибериш кыйын. Мүмкүн да эмес. Бирок алты айдын ичинде элге түшүнүктүү, илимге негизделген экономиканы көтөрүү боюнча программаны иштеп чыгып жарыяласа болмок. Ал түгүл ошого да жарашкан жок. Ал эми баалардын баары асманга чыкты, экономикада жылыш жок. Анан кантип аткара алды деп айтабыз.

1998-жылдагы кризистен кийин өкмөттү башкарган Амангелди Муралиев болсо Атамбаевдин өкмөтүнө мындай пикирин билдирди:

-Бул өкмөт кыска мөөнөткө иштеди. Бирок аларда конкреттүү иштер байкалган жок. Ушул өкмөт иштеп турган маалда баалар өстү.Баалар маселесин өкмөт жакшы көзөмөлдөгөн жок. Анан экономиканы изилдеп, талдаган жок. Ошондон да баалар өсүп кетти. Экинчиден, пиар көп болду.

Азырынча Алмазбек Атамбаев өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп турат. Бирок парламенттик шайлоо алдында Алмазбек Атамбаев өзү үчүн бир жактуу чечим кабыл алыш керек. Анткени, ал өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп кала берсе, анда шайлоого катышууга бел байлап жаткан партиясы менен активдүү үгүт иштерин жүргүзүүгө өзү катыша албай калат.
Бул маселени Социал-демократиялык партия 3-ноябрдагы курултайында чечерин партиянын жооптуу катчысы Эдил Байсалов билдирди:

-Бул маселени Атамбаев өзү айтсынчы. Бирок ал киши да ооба, же жок деп жооп бербейт. Анткени мунун баарын курултай чечет. Курултай 3-ноябрда болот.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Роза Даудова да Алмазбек Атамбаев бул маселе боюнча жакын арада оюн айтаарын ачыктады:

-Эми бүгүн эле кетирди. Дагы бир-эки күндө жооп берет го.

Ыңкылаптан кийин бийликке аралаша баштаган Атамбаев үчүн кайсы бир айдын 30да бийликке келүү, 24дө бийликтен кетүү адатка айлана баштагандай. Маселен, Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыгына быйылкы жылдын 30-мартында келип, 24-октябрда кетти. Ал эми өнөр жай, соода жана туризм министри кызматына 2005-жылы 30-сентябрда дайындалып, 24-апрелде кеткен эле. Бул эки кызматта тең Атамбаев жети айга жакын убакыт иштеген. Бул кокусунан болгон дал келүүлөр болуш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG