Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

25-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1864-жылдын 25-октябрында саяк уруусунун манабы Рыскулбек орус бийлигинен букаралык сурап Чүйгө чейинки отряд начальниги, полковник М. И. Черняевге кат жолдогон. 1864-жылдын 25-октябрында ак таңдай акын, төкмө ырчылык өнөрдүн устаты Токтогул Сатылганов жарык дүйнөгө келген.

XIX кылымдын экинчи жарымында кыргыз урууларынын Россияга болгон мамилеси өзгөрүп, эми алар империя курамына кириш үчүн кезек күткөн абалга жетишти. 1864-жылдын 25-октябрында саяк уруусунун манабы Рыскулбек орус бийлигинен букаралык сурап, Чүйгө чейинки отряд начальниги, полковник М. И. Черняевге кат жолдогон. Рыскулбек манаптын катында, Анжыяндан Кетментөбөгө чейинки жерди мекендеген он миң түтүн саяк уруусунун башчысы катары ал ак падышага чын ыкластан моюн сунуп, амирине кире тургандыгын билдирет. Мындан тышкаары Кетментөбө илгертеден саяктар жердеген аймак экендиги, эки жылдан бери саяктарга сарыбагыш менен солтолор кысым көрсөтүп аткандыгы айтылып, эгер ак падыша амирине кирсек, анда алардын кодулоосу токтойт эле,-деп жазылат Рыскулбектин катында.

XIX кылымдын башталышында синьцзяндык наместник Сунь Юнь кашгар башчылары үчүн атайын көрсөтмө иштеп чыккан. Кытай башкаруучусу муну менен Кашгарга жакын жайгашкан чоң багыш уруусунун бийи Суранчыны өз тарабына тартуу максатын көздөгөн. Бирок буга каршы чыккан мурастуу кашгар башкаруучусу Жахангир кыргыздардын саяк жана моңолдор уруусунан колдоо алган. Кытай бийлигинин Жахангирди кармап берүүсүн өтүнүп кыргыздарга кайрылуусу, акыркыларды муютуп да, ишеним да жараткан эмес. 1827-жылдын 25-октябрындагы кытай жардыгында айтылгандай, козголоңчуну кармоо аракети империя казынасына арбын чыгым алып келмек. Ошондуктан, аны куугандын ордуна аскерди эс алууга коё берген максаттуу болмок,-деп айтылат кытай жардыгында.

1864-жылдын 25-октябрында ак таңдай акын, төкмө ырчылык өнөрдүн устаты Токтогул Сатылганов жарык дүйнөгө келген. Токтогул ырчынын киндик каны Кетмен төбөнүн Кыла жергесине таамп, ал бала чагынан ыр жандуу чөйрөдө таалим-тарбия алып, баралына келгенде акындык чеберчиликти туу чокусуна жеткирген талант эгесине айланган.

1910-жылдын 25-октябрында белгилүү коомдук жана саясий ишмер Исхак Раззаков жарык дүйнөгө келген. 2004-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын акыркы, 21-сессиясы ишин баштады. Сессия эки этап менен өтүп, анын биринчи этабында 37 маселе, мындан тышкары Россия аймагындагы кыргызстандык ишкерлердин абалы сыяктуу олуттуу маселелер күн тартибине киргизилген.

Бу күнү аялдардын тынчтык үчүн күрөшү белгиленеп, 732-жылы франктар Пуатье салгылашында арабдарды талкалап, 1685-жылы италиялык композитор Доменико Скарлатти, 1806-жылы немец философу Макс Штирнер, 1820-жылы айтылуу жазуучу Михаил Достоевский, 1825-жылы австриялык композитор Иоганн Штраус, 1933-жылы сынчы, адабиятчы Абдыкадыр Садыков жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG