Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Түркиянын жетекчилиги күрд согушкерлерине каршы көрүлүүчү ыктымал чараларды талкуулоодо


Түркияда өлкөнүн саясий жана аскерий жетекчилиги кирген Улуттук Коопсуздук кеңеши бүгүн Ирактын түндүгүндөгү ыктымал аскерий операцияга байланышкан пландарын талкуулоодо. Соңку күндөрү Түркиянын аскерий учактары күрд согушкерлеринин Ирактын түндүгүндөгү базаларына абадан сокку ургандыгы кабарланып жатты. Түрк маалымат каражаттарынын өкмөттүн вице-премьери Жемил Чичекке шилтеме берип билдиргенине караганда, бул согушкерлердин колунан каза тапкан кеминде 12 түрк аскер кызматчысы үчүн өч алуу болду. Бул аралыкта Ирактын премьер- министри Нури ал-Малики өлкө бийликтери Күрд жумушчу партиясынын согушкерлеринин Түркия аймагына өтүүсүнүн алдын алуу үчүн чукул чараларды көрөрүн билдирди. Түрк парламенти армияга Ирактын аймагына операция өткөрүүсү үчүн өткөн аптада уруксат берген.

XS
SM
MD
LG