Түркиянын түштүк-чыгыш тарабында автономиялуу Күртстан мамлекетин курууну эңсеп, 1984-жылдан бери түрк бийликтерине каршы улам бир уруш баштап келаткан террористтик уюм – Күрстан жумушчу партиясы, же ПКК деп аталат.
1999-жылы ПККнын лидери Абдулла Өчалаң түрмөгө камалгандан кийин күрт жикчилдери алсырай түшкөндөй болгон. Бирок 2004-жылдан бери кайра чабуулдарын күчөтүп, ушул ай ичинде эле 30дан ашуун түрк аскерин өлтүрүп, дагы 8и алардын туткунунда деп шектелүүдө.
Эл аралык аскерий кеңешчи Александра Ашборн түрк армиясы үчүн Түндүк Ирактагы операция Анкара ойлогондой оңойго турбайт деп белгилейт.
- Эгерде куралдуу кагылышуу башталса, ал партизандык ыкмада болот. Түрк армиясы менен Күртстан жумушчу партиясынын согуштук кудуретин салыштырып болбосо дагы, тоо-таш арасындагы уруш баарын татаалдаштырат.
“Flight International” журналынын коргоо маселелери боюнча редактору Крейг Хойли күрт жикчилери аз болсо да, мыкты уюшулган топ экенин эскертет:
- Түрк армиясы Ооганстанда коалициялык күчтөр туш болгон проблемага такалышы мүмкүн – ал жерде да согушкерлердин саны коалициялык күчтөргө караганда аз болгону менен, алар мыкты уюшулган, катаал тартипке көнүгүп машыктырылган. Уруштар тоолуу аймакта болгондуктан абадан сокку уруу кыйын, алардан катардагы жашоочулар жабыр тартышы мүмкүн.
Азырынча Түркия түндүк Иракка аскер киргизээри толук чечиле элек. Ирактын тышкы иштер министри, улуту боюнча күрт Хошияр Зебари Анкаралык башкы дипломат Али Бабахан менен жолугушуудан кийин буларга токтолду.
- Биз ПКК болобу, же башка уюм болобу, биздин Түркия менен эки тараптуу алакаларга зыян келтиришине эч убакта жол бербейбиз. Андан сырткары мен Түркиялык кесиптешимди Ирак өкмөтү бул маселеде Анкарага толук көмөк көрсөтөт деп ишендирдим.
Зебари бирок Ирак өкмөтү өлкөнүн түндүгүндөгү күрт жикчилерине каршы атайын аскердик операция уюштураарын, же чабуулга чөлкөмдөгү күрт бийликтеринин Пешмерга отряды катыштырылаарын тактап айткан жок. Аңгыча Chicago Tribune гезити fмерикалык согуштук учактар Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдүн ыктымал базаларына сокку уруу планын караштырууда деп кабарлады. Бул маалыматты ырасмий булактар тастыктай элек.