Конференциянын күн тартибине негизинен беш маселе киргизилип, анда партиянын жалпы принциптери, максаттары жана келечек пландары боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаты Рахат Рысалиев баяндама жасады. Рахат Рысалиевдин айтымында, бул партия бийликке да, оппозицияга да кошулбастан өз алдынча парламенттик шайлоого катышууга аттанышат. "Биздин партия парламенттен 25-30 орун алууга мүмкүнчүлүгү бар. Анткени, Кыргызстанда социал демократтар он сегиз жылда түптөлгөн",- дейт Рахат Рысалиев. Бирок, айрым делегаттар азыркыдай эле “Ата мекен” , “Шериктештик” ж. б. партиялар байрактарын көтөрүп, эл аралай баштагандыктарын алардын арасында социал- демократтар аксап жаткандыктарын белгилешти. Конференцияда облустук координациялык кеңеш түзүлүп, партиянын курултайына делегаттар шайланды. (KUs)