Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

18:48 Жалалабатта “Ак жол” партиясынын уюштуруу кеңешмеси болуп өттү


Уюштуруу кеңешмесине жер-жерлерден чакырылган 50 киши катышты. Анда “Ак жол” партиясы мурдагы “Алга, Кыргызстан” партиясынан айырмаланып, мекеме-уюмдарга көрсөтмө берүү жолу менен эмес, конкреттүү арыздарга ылайык мүчөлөр кабыл алынаары белгиленди. Кеңешмеде партиянын облустук төрагалыгына Абдималик Бектемиров дайындалып, район-шаарларда координаторлор бекитилди. Партиянын облустагы координатору Чырмаш Доороновдун маалыматына ылайык облуста партиянын жетимиш мүчөсү бар. (YA)

XS
SM
MD
LG