Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Москвада «битцевскийлик маньяк» атыккан киши өлтүргүчтү сот присяжныйлар коллегиясы айыптуу деп тапты. Иши тергелип бүткөн Александр Пичушкинге катуу жаза ыйгарууну прокуратура да талап кылган. Москванын Битцевский паркынын ичинде 48 кишини өлтүрүү жана үч кишини өлтүрүү максатта кол салуу 1992-жылдан 2006-жылга дейре созулган. Айыптуунун ишин коргоого алгандар кайсы бир кинелер жетишерлик деңгээлде иликтенген эмес дешкен. Тергөө үстүндө Пичушкин күнөөсүн моюнуна алган. Психиатрлар анын акыл-эси ордунда деген жыйынтык чыгарган.

Кан төгүүчү Александр Пичушкин: «Милициянын колуна өзүм түшүп бердим. Милициянын фоторобот дегени - жомок. Киши өлтүрүүнү мен туруктуу кесибим деп эсептейм. Биринчи жолу киши өлтүргөнүмдө алар (милиция – ММ) билегимде калган аркандын тагын көрүп эле кармап ала алмак, бирок аны түшүнүшкөн жок. Ошондон кийин мен 14 жыл бою өз каалаганымды жасадым...» - деп журналисттер алдында айткан. Кийин дагы бир жолу: «Мен бардыгы 61 кишинин көзүн тазалагамын» - деген.

Мына ошол ооз көптүрө сүйлөгөн баш кесердин үстүнөн жүргөн тергөө аяктап, анын жыйынтыгы тууралуу Маскөөнүн шаардык прокурору Юрий Сёмин иликтөөнүн жүрүшүндө "Пичушкин 48 кишини өлтүрүп 3 кишиге кол салганы далилденди",- деп айтып чыккан. Кине коюлуп атканга катуу жаза берүү сунушун киргизген.

Кызык жери, мамлекеттик айып тагуучу ошол жерде сот олтурумуна катышып, айып тагылып аткан кишинин күнөөлүү же күнөөсүз экенин дүңүнөн аныктоочулар тобуна кайрылып, Пичушкин кылмыштын бетин ачууда жардамга келди, ошон үчүн ага мейирманчылык кылгыла деп кайрылган.

Сот олтурумуна катышып айыптууну күнөөлүү же күнөөсүз деген маанай жаратууга катышчу топ кечээ олтурум өткөрүштү. Ошол учурда Маскөө шаардык сотунун маалымдоо кызматынын жетекчиси Анна Усачева бул кылмыш боюнча олтурумду башкарып аткан сот Владимир Усовдун ал топко атайын суроолор менен кайрылганын жарыялады:

«Жетекчилик кылып аткан сот мурдатан жооп табылбай келе жаткан 105 суроону бекитти. Ага сот олтурумуна катышып, айып тагылып аткан кишинин күнөөлүү же күнөөсүз экенин жалпысынан аныктоочулар тобу жооп таап берүүлөрү керек».

Түштөн кийин Gzt.ru сайты жазганга караганда, присяжныйлар тобу «битцевскилик баш кесерди» толук күнөөлүү деп жана ага боорукердик кылууга болбойт бүтүмүн чыгарышкан.

Пичушкинди былтыр 16-июнда кармашкан. Соттук-психиатриялык экспертиза текшерип чыгып акыл-эси жайында деген бүтүм чыгарган. Тергөө иши 40 күнгө созулуп, ага айыпкердин кимдин канын качан, кайсы жерде төккөнүн өзү айтып бергендиги өбөлгө болгон.

«Коммерсант» жазганга караганда, «Александр Пичушкиндин курмандыктары негизинен анын тааныштары, аракечтер, бангичилер же кылар-этери калбаган селсаяктар болушкан».

Прокурор Юрий Сёмин айтканга караганда, алар баш кесердин үйүнөн 64 көздүү шахматтык тактай табышкан. Анын 61 көзү чийилип салынган. Анализчилер ошондон улам «битцевскийлик кан төккүч» таш боордугу 1994-жылы өлүм жазасына кесилген баш кесер Андрей Чикатилодон ашып түшкөн дешет. Баш кесер Чикатило бардыгы 53 кишинин канын төккөн.
XS
SM
MD
LG