Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

20:45 Ошто белгилүү журналист Алишер Саипов өлтүрүлдү


Бүгүн кечинде, 19:30да Фергана.ру маалымат агенттигинин мурдагы кабарчысы, соңку кездерде өзбек тилинде “Сиёсат” гезитин чыгарып жаткан Алишер Саипов атып өлтүрүлдү. Саиповду жакындан тааныгандар анын өлүмүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып жатышат. Саипов соңку учурларда батыл журналисттик иликтөөлөрү менен коомчулуктун дагы оозуна алынып калган. А. Саипов “Америка үнү”, Эркин Европа/Азаттык үналгысынын орус кызматында кабарчы болуп эмгектенген. Алишер Саипов болгону 26 жашта болчу. (ZMa)

XS
SM
MD
LG