Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөсү Элвира Сариева маалымдады. Анын айтымында, кеңештин мүчөлөрү бүгүнкү отурумда КТРдин Байкоочулар кеңешинин төрагасына талапкерлердин программасын угуп, жашыруун добуш берүү жолу менен төрага шайлайт. “Кеңеш улуттук телерадио компаниянын жетекчисин шайлоо жана ал жетекчи тарабынан сунушталган орун басарларды бекитүү укугуна ээ”,-деп кошумчалады Э. Сариева. Сентябрдын башында парламент УТРКнын 15 адамдан турган Байкоочулар кеңешин шайлаган. (ZMa)