Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Түркия жана Ирактын бийлик өкүлдөрү бүгүн жолугушат


Ирак жана Түркиянын бийлик өкүлдөрү бүгүн Анкарада сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, түрк тараптын Ирактын түндүгүндөгү күрт жикчилерине каршы аракеттерин талкуулайт. Ирак делегациясын коргоо министри Абдел Кадер Яссим жетектейт деп күтүлүүдө. Кечээ Түркиянын аскер учактары Ирак менен тогошкон чек аранын жанында Күрт жумушчу партиясына кол салган. Түркиянын Коопсуздук кеңеши эгерде расмий Багдад Анкара менен күрт жикчилерине каршы күрөштө кызматташпаса, өлкөнүн өкмөтү Иракка карата экономикалык чара колдоно алат деп айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG