Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

ЖУРНАЛИСТ АЛИШЕР САИПОВДУН ӨМҮРҮН КЫЙЫШТЫ, КЕЗЕКТЕ КИМ?


Ошто белгилүү журналист Алишер Саиповду жалданма жан алгычтар атып өлтүрүп кетишти. Белгисиз адамдар Кыргызстан көчөсүнөн аны аңдып турушуп, автоунаадан ага үч жолу ок атышкан.

Журналист ооруканага жетпей алган жараатынан ошол жерден көз жумган. Бул окуя Ошто 24-октябрда кечинде болду. Ошол учурда Саиповдун жанында болгон саясат таануучу Икбол Мирсаитовдун айтымында, кылмышкерлер аны дагы бутага алган, бирок ага ок тийген эмес. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Рустам Мырзаматовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, түнү менен окуянын күбөлөрү суралып, “Сиёсат” гезитинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн жана шектүү кишилер менен унааларды кармоо боюнча операция өткөрүлүп жатат. Фергана.ру маалымат агенттигинин мурдагы кабарчысы, соңку кездерде Ошто өзбек тилинде “Сиёсат” гезитин чыгарып жаткан Алишер Саиповду жакындан тааныгандар анын өлүмүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып жатышат. Батыл журналисттик иликтөөлөрү менен коомчулуктун оозуна алынып калган А. Саипов “Америка добушу” радиостанциясы менен кызматташып жаткан, андан мурда "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын орус кызматында дагы кабарчы болуп эмгектенген. Кесиптештеринин айтымында, Алишер Саипов соңку кезде коңшу Өзбекстан жана анын калкынын чыныгы турмушу туурасында материалдарды байма-бай жарыялап, коңшу мамлекеттин диктатуралык режимин такай сындап жүргөн.Алишер Саипов болгону 26 жашта болчу. Бул кандуу окуяны уккандар ушул тапта Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы коркунучтуу чекке жетти деп белгилеп жатышат. "Бул кесипти аркалаган көз карандысыз журналисттер бычактын мизинде жүрүшөт",-деди Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева. (ZMa)<br><br><b>Сүрөттө: </b>Журналист Алишер Саиповду каратып туруп чоң көчөдөн эле атып кетишкен.
XS
SM
MD
LG