Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

10:45 И.Карыпбеков: А. Саиповдун өлүмү журналисттик кесиптин кооптуулугун дагы бир ирет тастыктады


Медиаөкүл институтунун директору Илим Карыпбековдун билдиргенине караганда, Кыргызстанда буга чейин да журналисттерди токтомоктоо, коркутуп-үркүтүү көп катталып келген. Мындай жагдайга бийликтин кошкөңүл мамилеси түрткү болууда. Буга чейин көз карандысыз уюмдар журналисттердин коопсуздугуна кепилдиктерди берүүнү сурап, бийликке көп ирет кайрылган, бирок, ал жоопсуз калууда. Тескерисинче, бийлик маалымат каражаттары менен журналисттерди курал катары пайдаланып келатат. Укук коргоочу Алишер Саиповдун өлүмүнө кесиби таасир этти деп эсептейт. Көз карандысыз журналист Өзбек тилиндеги “Сиёсат” гезитинин негиздөөчүсү Саиповду 24-октябрда Ош шаарында белгисиз адамдар атып кетишкен. (BuS)

XS
SM
MD
LG