Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:46

11:05 Жаштардын өкмөттүк сыйлыгы 10-ноябрда тапшырылат


Конкурска катышкан иштерди кечээ күндөн тартып атайы комиссия карап баштады. Өкмөттүк сыйлык илим жана жаңы технологиялар, адабият жана журналистика, архитектура жана дизайн, экономика, көркөм өнөр - жалпысынан 11 номинация боюнча мыкты жетишкендиктерге ээ жаштарга тапшырылат. Комиссиянын жооптуу катчысы Айдарбек Жоробеков маалымдагандай, конкурска республиканын бардык аймактарынын жаштары катышууда. Атайы комиссия Юристанбек Шыгаев, Азиз Идрисов, Султан Раев өңдүү коомдук жана маданий ишмерлерден түзүлгөн. Сыйлыкты салтанаттуу тапшыруу аземи 10-ноябрь – Кыргызстан жаштар күнүндө өтмөкчү. (JTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG