Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

«АЛАР» - КИМДЕР?


«Лица» гезитинин бүгүнкү саны доктор Жеңишбек Назаралиевдин Кыргызстандын калкына кайрылуусу менен чыкты. Ушуга кыскача токтололу.

Кымбаттуу Кыргызстандыктар!-деп айтылат кайрылууда, 2005-жылдын 24-мартынан кийин биз сиздер менен жашоо-турмушубуз жакшы жагына өзгөрөт деп күткөн элек, бирок андай болбоду, болушу да күмөнгө айланды. Мен «алардын» эл менен биргебиз деген сөзүнө акыр аягына чейин ишенген элем, көрсө «аларды» өзүлөрүнүн жыргаган келечеги гана кызыктырат экен. Убакыт «алардын» профессионалдык жактан жараксыз жетекчилер экенин көрсөттү. «Алар» өзүлөрүн кудай сезе баштады, «аларда» өзүн өзү сындоо деген нерседен тумтак эчнерсе жок. «Алар» эски жолойдогу, өзүн өзү жашап бүткөн адамдар. Феодалдар. «Алар» биздин маселелерди чече албайт. Кишилер ачкачылыктан шиший баштады, бул башталышы гана, жакында мындан да жаман болот. Биз өлө баштайбыз.

Сиздерге кайрылып жатып, али баары бүтө электигин айткым келет. Жакында Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы мыйзам боюнча партиялык тизме менен өткөнү турат. Биз жаш муундар менен бирге жаңы парламентке келебиз жана өлкөнүн өкмөтүнө азап-тозоккко батып, өлүп бараткан элди чөгөлөп калган жеринен өйдө тургузабыз.

Мен ачкалар менен жакырларды, таарынгандар менен ызалангандарды, алдангандар менен талаага ташталгандарды, шылдыңдангандар менен куугунтукталгандарды, биздин Ата Журтубуздун кантип таланып-тонолуп жатканын көрүп аткандардын баарын биздин катарга турууга жана жеңишке жетишүүгө чакырам!-деп айтылат Кайрылууда.

Гезит мындан тышкары КТРдын башкы деректирлигине Мелис Эшимканов келет деген сөздүн чын-бышыгын аныктоо үчүн Кыяс Молдокасымовго суроо салып, жооп алганын, Социал-демократтар париясынын штаб башчысы Ө.Бабановдун алдыдагы окуяларга көз карашын жарыялады.

«Де-факто» гезити аркылуу экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев өкмөт 9 айдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө ички дүң продукция 8,5 пайызга көтөрүлүп, казынага 100 миллиондон ашуун доллар түштү дегенин статистикалык маалыматтардын манипулацияланышы же жарымы жалган деп атап, 9 ай ичинде баа эки, эки жарым эсеге өскөндүгүн, ушу кезде элдин чөнтөгүндөгү жыйган-терген акча экономиканын өнүгүшүнө, бизнеске же финансылык булактарга эмес, үй сатып алууга же кыймылсыз мүлккө жумшалып атканын, пикет, митинг өңдүүлөрдүн инфляцияга таасири тиет деген сөздүн негизсиз экендигин, мурдагы мамлекет башчысы Акаев дагы, азыркы башчы Бакиев дагы экономикалык рынок мамилесине шылтап, финансы, рынок, боюджет, салык саясатын өнүктүрүүгө эч кандай аракет жасабай келаткандыгын айтып айыптады.

«Апта» гезити окурмандардын көңүлүн «Кул-Мыйзам» деген макалага бурат. Жакында деп жазат анда, Жалал Абад шаарында Аксы окуясынын күнөөкөрлөрүнүн иши сотто каралып, мамлекеттик мурдагы 2 жооптуу чиновник 5 жылга шарттуу түрдө жазага тартылды, бул деген түрмөгө кесилбей-этпей эле, бала-чакасынын кашында жүрүп, анан кийин мунапыска туш келип, бошоп кете берет дегенди түшүндүрөт, ошол эле учурда апрель митингин уюштургандардын негизги жетекчилери ак болуп, хулигандык кыла коем деген карапайым балдар 4 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кесилип кете беришти, ошентип Аксыда атылып кеткен 6 адамга болгон сот органдарынын мамилеси менен апрель митингинде милийсага таш ыргытты деп айыпка жыгылган адамдарга болгон мамиленин айырмасы Асман менен Жердей болду, демек референдумдан өтөрдүк деп курулай шаңданган мындай мыйзамдар эл үчүн эмес, барып келип эле байлыкка, бийликке, коррупцияга кызмат кыларын көрсөттү деп белгилеген гезит, эгер мыйзамдар –Кул Мыйзам болбосо, эмне үчүн апрель митингинин катардагы катышуучулары соттолуп, алардын башында турган- Ф.Кулов, Ө.Субаналиев, М.Эшимканов жоопко тартылбайт, деп суроо койгон.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG