Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

ӨМҮРБЕК АБДРАХМАНОВ: БИЙЛИКТИН «КАРА ТЕХНОЛОГИЯСЫНА» ОППОЗИЦИЯ АЛДЫРБАЙТ


Оппозициялык “Ата Мекен” жана “Ак шумкар” партиялары алдыдагы чукул парламенттик шайлоого бир партиялык тизме менен бара турганын жарыя кылышты. Башкача айтканда “Ак шумкар” партиясы “Ата Мекен” партиясынын туусу астында шайлоого бармакчы. Таңкы “Азаттыктын” ушул меселелердин айланасындагы суроолоруна “Атамекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов жооп берген.

- “Атамекен” партиясына “Ак шумкар” партиясынан дагы башка оппозициялык партиялар кошулушу мүмкүнбү?

- Мүмкүн, анткени бир топ партиялар өзүлөрүнүн колдоосун айтышып биз дагы кошулсакпы деген сунуштарын киргизип, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. “Ата Мекен” партиясы менен “Ак шумкар” партиясы эң негизги оппозициялык күч болуп эсептелгендиктен, бул күчкө дагы кошула турган күчтөр арбын болот.

- Алар кайсы партиялар экенин атай кете аласызбы?

- Кошула электе айтып коюш эрте болуп калат. Кошулгандан кийин баарын айтып беребиз. Ал эми майда барат партиялар болсо биз кошулбайбыз бирок, силерди колдойбуз деп жатышат.

- Өмүрбек мырза, айтсаңыз оппозиция ушундай биригүү аркылуу бирдиктүү чоң саясий күч боло алабы?

- Албетте, ушундай болуш керек. Анткени, бул бийликтин жасап жаткан иштеринин баары анча мынча башкача көз караштарга карабастан биригүүгө түрткү болуп жатат. Анткени өзүңөр көрүп турасыңар мына кечээ күнкү эле өткөн референдумдар баардыгы мыйзамсыз жана одоно мыйзамдарды бузуу менен өттү. Мунун баары тең азыркы Кыргызстандын бийлигинин диктатурага авторитаризмге ачыктан ачык эле бара жатканын көрөзүп турат. Ошон үчүн биз биригип ушуга чейин баланс болуп каршылык кылып келсек, мындан ары дагы ошол ишибизди аткарышыбыз керек.

- Өмүрбек мырза, акыркы убакта оппозициянын катарында жүргөн бир катар саясатчылар позициясын өзгөртүп, бийликке ыктап кеткени белгилүү. Эки күн мурда эле “Ак шумкар” партиясынын беш мүчөсү чыгып кеткенин жарыялашты. Бул жерде оппозициянын ич ара ыдыратуу аракети жүрүп жатабы же жөн эле пикир келишпестикпи?

- Жок. Бул Акүйдүн технологиясы. Өзүңөр билесиңер Акүй мурунтан бери эле оппозицияны бириктирбөөгө жана анын ичинен адамдарды бирден-бирден сууруп алууга аракет кылып келген. Азыркы өкмөттүн адамдары да ошентип калышкан. Азыр да ошол иш улантылып жатат. Муну “кара технология” деп коёт. Адамдарды бирден чакырып силер ошол жакка барсаңар үй бүлөңөрдү, бизнесиңерди же бир туугандарыңарды кызмат ишинен кетиребиз, кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп үркүтүп, бузуу саясатын жүргүзүп жатат. Ошонун негизинде ушундай болуп жатат. Кээ бир депутаттар ортомчу бололу деп оппозицияга ачык киргенден жалтактап жатышат.

- Оппозиция алдыдагы шайлоодо бийликтин партиясы менен тең тайлаша алабы. Дегеле 16-декабрда өтө турган парламенттик шайлоо калыс өтөөрүнө ишенсек болобу?

- Жок, эч качан калыс өтөөрүнө ишениш болбойт. Анткени, кыргыз эли өзүлөрү эле айтып жатат, эч кимибиз барбасак деле пайыздарды жасап койду деп. Ошол пайыздарды шайлоо убагында да жасаганга аракет кылат. Бирок биз андай мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Болгон аракетибизди жумшап, жер-жердеги элдер дагы уурулукка, алдамчылыкка жол бербөөгө аракет кылышыбыз керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG