Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

11:55 УТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасын шайлоо жүрүп жатат


Байкоочу кеңештин төрагалыгына кенештин мүчөлөрү Рыскулбек Жумабаев, Элвира Сариева, Мыктыбек Өмүрзаков, Бакыт Орунбеков сунушталган. Алардын ичинен М. Өмүрзаков шайлоого катышуудан баш тартты. Шайлоонун биринчи айлампасында Р. Жумабаев 1, Э. Сариев 4, Б. Орунбеков 6 добуш алышты. 2 бюллетень жараксыз болуп чыкты. Учурда шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. Ага Э. Сариева менен Б. Орунбековдун талапкерлиги кирди. Шайлоого жалпысынан байкоочу кеңештин 13 мүчөсү катышууда. Кеңештин жобосуна ылайык төрага шайлангандан кийин байкоочу кеңеш УТРКнын директорлугуна конкурс жарыялайт. Конкурс жарыяланган күндөн тартып УТРКнын иштеп жаткан төрагасы милдетин аткаруучу болуп калат. (BuS)

XS
SM
MD
LG