Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:11

АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ЕВРОПАЛЫК СОТКО ЭСКИ СОВЕТ АЙМАГЫНАН ТҮШКӨН ДОО АРЫЗДАРДЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ


25-октябрь - Европада Жарандык Адилеттүүлүктүн күнү. Мындан беш жыл илгээри Европа кеңеши менен Еврокомиссия тарабынан бул датаны белгилөөнүн максаты адамдарга өз укуктарын коргоо жолдорун терең түшүнүүсүнө жардам берүү болгон. Андай жолдордун бири –Адам укуктары боюнча европалык сот. Соңку жылдары анын дарегине эски совет аймагынан түшкөн доо арыздардын саны өсүүдө.

Жыл сайын Европа Кеңешине кирген 47 мамлекеттен миңдеген адамдар Адам укуктары боюнча европалык сотко кайрылышат. Ага өз мекенинде сот адилеттүүлүгүнө жет албай койгон соң кайрылуу менен жарандар өкмөттөрдөн түрдүү укук бузуулар аркылуу келтирилген моралдык жана башка чыгымдарды калыбына келтирүүнү көздөшөт.

Еврокеңешке 1990 –жылдары кошулган, сот адилетүүлгү азырынча бекем орной элек эски совет өлкөлөрүнөн маселен былтыр сотко Грузиядан 112, Молдовадан 641, ал эми Украинандан 4146 доо арыз түшкөн экен.

Алардын арасынан жакында жеңишке жетишкендердин бири –Азербайджандын жараны Шейда Насибова, Журналисттик иликтөө борбору деген бейөкмөт уюмдун жетекчиси. Ал сотко Азербайжандын юстиция министрлиги уюмун каттабай койгон соң кайрылган. Мекенинде сот инстанцияларынын баардык тепкичитерине жасаган даттануусу натыйжасыз аяктаган эле. Акырында ушул айдын 18синде Адам укуктары боюнча европалык сот Азербайжан бийликтери Насибованын адилет сотко жана эркин биригүү болгон укугун бузган деп таап, өкмөттү ага 4260 доллар компенсация төлөөгө милдеттендирди. Бирок башка доо арызчылардай эле Насибова да материалдыкка караганда, моралдык чыгым жогору турарын белгилейт:

- Мен бул чечимдин акчалай жагына көп деле кызыкдар эмесмин. Сот мени туура деп тапканы көбүрөөк маанилүү. Бул мени чындап кубантууда.

Мунун алдында Адам укуктары боюнча европалык сот Петру Пойата аттуу молдован журналистинин пайдасына да чечим чыгарган эле. Ал мекенинде мандатын колдонуп, ишкер кызыкчылыгын коргогон депутатты макалаларында сындаганы үчүн ага кун төлөп, кечирим суроого сот тарабынан милдеттендирилген. Пойатанын айтымында, Европалык соттун чечимин бүткүл молдован журналисттери үчүн жеңиш катары кароого болот:

- Менин көз карашымда бул баарыбыз, журналисттер үчүн жеңиш. Бул күндөрү мен гезитте ишейм жана дээрлик күн сайын тигил же бул кесиптешим башка бирөөлөрдүн пикирине шилтеме жасап койгондугу үчүн эле сотко берилгенин угуп жатам. Биз, журналисттер, адамдар көз карашын билдирүү укугун колдонуусуна гана мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз.

Адам укуктары боюнча европалык соттун дарегине Армениядан түшкөн арыздар да көбөйүүдө. Ал жакында эле армян өкмөтүнө каршы алгачкы өкүмүн чыгарды. Анда өкмөт көчө демонстрациялары учурунда Армен Мкртчян аттуу оппозициячыл саясатчыны камакка алганы үчүн айыпталган.

Орусиядан болсо Чеченстан тургундарынын орус өкмөтүнө каршы берген доо арыздары көп. Жакында эле сотто утуп алгандардын бири –Мерзит Имакайева. Анын уулу жана жубайы 2000-2002-жылдары орус аскерлери кармап кеткен соң дайынсыз жоголгон. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Түндүк Кавказ кызматына уулун табуу ниетинде сотко кайрылганын билдирди:

- "Хьюман райтс уочт" уюмунун өкүлдөрү Чеченстанга келгенде биз аны алты айдан бери издеп жатканбыз. Мен бул жөнүндө угуп, Страсбургдагы сотко баламды табууга жардам кылат деген ниетте кайрылдым. Сот ишин болтурбоо үчүн балким баламды кайра алып келишет деп ойлодум. Мен аларга кандай акча болсо да уулумдун ордун толтура албасын айттым. Мен сотко документтерди ушунтип, даярдап жөнөткөм.

Адам укуктары боюнча европалык сот акыр аягында Орусияны учурда АКШга эмиграцияга кеткен Имакайевага 128 миң доллар төлөп берүүгө милдеттендирди. Анын уулу менен жубайынын тагдыры азыр деле белгисиз.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG