Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:53

16:32 Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы экс-депутаттарга кат жолдоду


Анда иш башкармалыгы экс-депутаттардан мамлекеттин эсебиндеги турак үйлөрдү бошотуп берүүнү сурап, муну жаңы парламенттик шайлоо жарыялангандыгы менен негиздеген. Иш башкармалыктын эсеби боюнча 27 депутат жалданма батирде жашап, анын акысы Жогорку Кеңештин эсебинен төлөнөт. Жети депутат Жогорку Кеңештин кызматтык турак үйлөрүндө жашашат. Алардын катарында Карганбек Самаков, Өмүрбек Текебаев, Азизбек Турсунбаев, Болот Шерниязов, Азимбек Бекназаров, Сайдилла Нышанов жана Арслан Малиев бар. Кызматтык автоунааларын болсо экс-депутаттар толук өткөрүп беришти. Алардын акыркысы Ташкул Керексизов болду. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» башкармалыктын кызматкери Гүлмира Жолдошева билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG