Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

17:04 Ошто Алишер Саиповдун сөөгү жерге берилгенден кийин пикет өттү


Пикет Коопсуздук Комитетинин облустук бөлүмүнүн имаратынын алдында өттү. Ош ресурстук борбору уюштурган пикетке 15 чамалаш киши катышып, журналисттин өлүмүн адилет иликтөөнү, сөз эркиндигинин кол тийбестигин сактоону талап кылган плакаттарды көтөрүп турушту. Бир саатка созулган пикет маалында 15 чамалаш журналист Ошко барган президенттик администрациянын Коопсуздук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Субаналиевден жана жергиликтүү коопсуздук кызматынан маркумдун өлүмүнө байланыштуу маалыматты тактоо аракетин жасап, майнап чыгара алышкан жок. «Азаттыктын» кабарчысынын маалыматына караганда, Алишер Саиповдун өлүмүн Өзбекстандын атайын кызматы менен байланыштырган божомолдор айтылып жатат. Саипов кечээ Ошто белгисиз адам тарабынан атып өлтүрүлгөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG