Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

УТРКнын БАЙКООЧУ КЕҢЕШИНЕ ТӨРАГА ШАЙЛООДО ИТ ЖЫГЫЛЫШ


Бүгүн УТРКнын Байкоочу Кеңешинин төрагасын шайлоо өттү. Бирок талапкерлер көпчүлүк добушка ээ болбогондуктан кайра шайлоо эртеңки күнгө жылдырылды. Кеңештин мүчөлөрү төраганы шайлоону узакка калтырбоону чечишти. Анткени төрага шайлангандан тартып кеңеш бир айлык мөөнөттүн ичинде УТРКнын жетекчисине сынак жарыялашы керек. Анткен менен айрым массалык маалымат каражаттарында президент Бакиев УТРКнын жетекчисине талапкерди өзү бекиткени жатат деген маалымат жарыяланды. Айрым байкоочулар бул мыйзамга каршы келбегени менен, акылга сыйбаган чечим деген пикирде.

Байкоочу Кеңештин төрагалыгына кенештин мүчөлөрү Мыктыбек Өмүрзаков, Рыскулбек Жумабаев, Элвира Сариева жана Бакыт Орунбековдун талапкерлиги сунушталды. Алардын ичинен Мыктыбек Өмүрзаков шайлоого катышуудан баш тартты. Калган талапкерлер мүчөлөрдү өздөрүнүн программасы менен тааныштырышты.

Бакыт Орунбековдун айтымында, УТРКнын редакциялык саясаты, жалпы иштөө принциптери жана журналисттердин этикалык кодекси иштелип чыгышы керек. Талапкердин айтымында, учурда УТРКнын жамаатына дал ушул нерселер жетишпей турат.

Эл эми Элвира Сариева бийлик шайлоо алдындагы үгүт иштеринде УТРКны административдик медиа ресурс катары колдонууга аракет жасайт, деген пикирде. Ошондуктан, УТРКнын жетекчиси Байкоочу Кеңеш менен бирдикте иштелип чыккан редакциялык саясат боюнча документке кол коюшу зарыл:

- Мына бул жерде этикалык кодекс керек деп айтылып жатат, Кыргызстанда бул кодекс иштебейт. Бул жерде УТРКнын редакциялык саясаты иштелип чыгышы керек. Ага ылайык журналисттер өлкөдө болуп жаткан окуяларды чагылдырып турушу керек, ал эми каналдын директору болсо Байкоочу Кеңеш менен бирдикте редакциялык саясат боюнча документке кол коюшу керек. Бул өлкөдөгү окуяларды бейтарап чагылдыруунун биринчи кадамы.

Жашыруун добуш берүү жолу менен өткөн шайлоодо Бакыт Орунбеков алты, Эльвира Сариева төрт, Рыскулбек Жумабаев бир добушка ээ болушту.

Натыйжада экинчи айлапага көпчүлүк добуш алган эки талапкер Элвира Сариева жана Бакыт Орунбеков чыкты. Жараксыз деп 2 бюллетень чыкты. Муну төрагалыкка талапкерлердин бири Бакыт Орунбеков кеңештин кээ бир мүчөлөрү добуш берүүдө кайдыгер мамиле жасагандыгы менен негиздеди:

-Кайдыгерлиги мына актай бюллетень таштагандыгынан көрүнүп турат. Ошонун айынан бүгүн да тиешелүү добуш чогулбай төрага шайланбай калды.

Кеңештин жобосу боюнча төрага сегизден кем эмес добуш алган шартта шайланды деп эсептелет. Ошентип төраганы кайра шайлоо 26-октябрда өтмөй болду. Ага башка талапкерлердин катарында катышууга бүгүн шайлоого катышкан талапкерлер да катыша алышат. Ал эми шайлоонун экинчи айлампасында талапкердиги каралган Элвира Сариева менен Бакыт Орунбеков ар бири бештен добуш алышкандыгына байланыштуу эки талапкер тең шайлоодон өтпөй калышты.

Медиаөкүл институтунун жетекчиси Илим Карыпбековдун билдиришинче, төрага шайлангандан кийин Байкоочу Кеңеш бир айлык мөөнөттүн ичинде УТРКнын директорлугуна сынак жарыялайт. Конкурс жарыяланган күндөн тартып УТРКнын иштеп жаткан жетекчиси милдетин аткаруучу болуп калат.

Кечээ айрым массалык маалымат каражаттарында УТРКнын башкы директорлугуна экс-депутат Мелис Эшимканов бекитилет деген маалыматтар жарыяланган эле. Бирок бул маалыматты расмий түрдө эч ким тастыктай элек. Мына ушул жагдай боюнча Илим Карыпбеков “Азаттыкка” төмөндөгүдөй пикирин айтты:

- Бул боюнча президенттин жарлыгын биз көргөн жокпуз. Президент шайлоого укуктуубу же укуктуу эмеспи деген маселе турат. Азыр мыйзамда УТРКнын башкы директорун Президентпи же Байкоочу Кеңеш шайлай алабы так көрсөтүлгөн эмес. Эгерде президент чынында эле ошондой жарлык чыгарса, анда ал башкы директордун милдетин аткаруучу деген жарлык чыгарышы мүмкүн.

Элдин маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында 30-жылдардын башында телерадио берүүлөрдүн коомдук форматы иштелип чыккан.

Кыргызстанда мамлекеттик телерадиону реформалоонун биринчи кадамы делип “Улуттук телерадио жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы эсептелинет. Ага ылайык Жогорку Кеңеш ушул жылдын сентябрь айында УТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу Кеңешин түзгөн.
XS
SM
MD
LG