Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

КОНДОЛИЗА РАЙС: АКШнын КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫНА ЭҢ ЧОҢ КОРКУНУЧТУ ИРАН ТҮЗҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага АКШ Конгрессинде 24-октябрда Иран маселеси талкууланды жана конгрессмендер алдында мамлекеттик катчы Кондолиза Райс чыгып сүйлөдү. Анын айтымында, Жакынкы Чыгыш регионунда азыр коопсуздук менен байланышкан АКШнын кызыкчылыктарына эң чоң коркунучту Иран түзүп жатат.

АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитети 24-октябрда Иран маселесин талкуулады жана Комитетте мамлекеттик катчы Кондолиза Райс чыгып сүйлөп, конгрессмендердин суроолоруна жооп берди. Анын айтымында, Иран тараптан АКШ кызыкчылыктарына түзүлгөн коркунуч улам күчөп баратат жана ал үч беттүү болууда. Биринчиден, Иран өзөктүк изилдөөлөрүн улантып, атом бомбасына ээ болууну көздөйт. Экинчиден, Жакынкы Чыгыш жана башка аймактарда ал эл аралык террорго колдоо көрсөтүдө, аны менен катар кошуна Ирак менен Ооганстадагы лашкерлерге курал Ирандан келип жатат деген маалыматтар көп. Жана үчүнчүдөн, Иран жетекчилиги өлкө ичиндеги репрессияларды күчөткөндүктөн дагы жалпы бейстабилдүүлүк жаралууда.

Региондогу стабилдүүлүккө Ирандын терс таасири канчалык экенин - Тегерандан колдоо алган "Хамас" уюму кошуна Палестинанын Газа тилкесинде өз бийлигин орноткону Израил менен Палестина ортосундагы маселени чечүүгө өтө чоң тоскоолдук болгону көрсөтүүдө.

Акыркы мезгилде АКШнын вице-президенти Дик Чейни - Иранга каршы өтө катуу чаралар көрүлүшү мүмкүн деп айтууда, президент Жорж Буш болсо - бардык чаралар колдонулушу мүмкүн деп такай билдирет. Ошондуктан Комитет мүчөлөрү - Вашингтон Иранга каршы согуш даярдап жаткан жокпу деп сурады жана Райс айым - эң биринчи кезекте дипломатиялык ыкмаларды колдонуш керек деп жооп берди:

"Мен дайым айтам: Иран менен түзүлгөн мамиледе биз кайсы бир кереги жок, жакшы эмес чара көрүү керек болгон абалга барып такалып калбаш керекпиз. Ошондуктан биз дипломатиялык жолдо эбегейсиз аракеттерди көрүүгө тийишпиз. Бирок андай диломатиялык ыкма деген - үстөлгө отуруп, ирандыктар менен сүйлөшө берүү дегендикке гана жатпайт. Чындыгында биз Тегеранга - эгер ал эл аралык коомчулук тааныган эрежелерди карманбаса, дипломатиялык дагы, каржылык жагынан дагы өтө оор кесепеттер болушу мүмкүн экенин көрсөтүш керекпиз", - деп билдирди мамлекеттик катчы.

Анын айтымында, президент Жорж Буш дагы, бардык ыкмалар колдонулушу мүмкүн дегени менен, маселени дипломатиялык жол менен чечиш керек деп көп жолу кайталайт.

"Тегеран атом куралына ээ болгондон кийин ага каршы кайсы бир жагымсыз аракет көрүү керек болгондон көрө ага чейин дүйнөлүк коомчулук өтө катуу дипломатиялык чараларды колдонууга даяр экенин ирандыктар билиш керек. Президент бардык чаралар колдонулушу ыктымал дегени менен, бул маселе оор кесепетке алып келиши мүмкүн деп айтканда биз - экономикалык чаралар дагы колдонулушу мүмкүн деп түшүнөбүз жана биз дал ошондой кылып жатабыз", - деди Райс.

Отуз жылдан бери Тегеран менен дипломатиялык мамилеси жок Вашингтон андай абалды өзгөртүп, Тегеран менен тикелей сүйлөшүү өткөрсө жакшы болоор беле деген суроого Райс - аны Тегеран өзү каалабай жатат деп жооп берди.

Конгрессте талкуу жүрүп жатканда, имараттын алдында каршылык пикеттери дагы болду жана ага чогулган адамдар - Ирактагы согушту токтотуп, Иранга каршы эч кандай күч колдонбош керек деген талаптарды койду.
XS
SM
MD
LG