Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

Россияда Европанын адам укуктары сотундагы орусиялыктардын арыздарынын агымын азайтуунун мүмкүнчүлүктөрүн табууга чакыртар айтылып келген эле. Ушуга байланыштуу өлкөнүн Жогорку соту учурда Россиянын юстиция системасын жакшыртып, Страссбургда жайгашкан Европалык соттун ишин жеңилдете турган мыйзамдын долбоорун даярдап жатат. Бирок бул сунушту укук коргоочу адвокаттар катуу сынга алышууда.

Ушул айдын башында Россиянын президенти Владимир Путин Жогорку соттун жетекчиси Вячеслав Лебедевди Кремлдеги кеңсесинде кабыл алган эле. Экөө Россиянын юстиция системасын реформалап, ишин жакшыртуу зарыл деп макулдашышкан.

Европалык сотко түшкөн арыздардын көпчүлүгүн экиге бөлсө болот. Алар камакка алуунун шарттарынын бузулушу жана юридикалык процедуралардын бузулушу. Бул маселелердин басымдуу бөлүгүн Жогорку соттун президиуму өзүбүздүн жергиликтүү юридикалык системанын чегинде чечсе жакшы болмок,-деп түшүндүргөн Жогорку соттун маалымат катчысы Павел Одинцов.

Азыр даярдалып жаткан мыйзам долбоорунда адам укуктарынын жана юридикалык процедуралардын бузулушун кароо жана бул процессти тездетүү жаатында Жогорку соттун бийлигин кеңейтүү каралган. Жогорку сот даярдап жаткан долбоор кийин парламенттин элегинен өтүп, анан президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Бирок сунушталган реформалар айрым укук коргоо эксперттерин ынандыра алган жок.

Негизинен, жарандар өз өлкөсүндө зарыл мыйзамдык жардам алганында жаман эч нерсе жок. Бирок биздин акыйкаттык система бүгүн бийликтерден канчалык көз каранды экенин мен жакшы билем. Аны акыйкаттык деп атаганга ооз барбайт. Ошондуктан бул жааттагы реформадан пайда чыгаарына ишенбейм,-дейт белгилүү адвокат
Юрий Шмидт.

Укук коргоочуларды коргогон дагы бир адвокат Мара Полякова да бийликтердин реформа далалатына терең ишенбөөчүлүк менен караарын билдирди.

Тээ Страссбургдагы европалык сот орус бийликтерин кандайдыр бир реформага түртөт дегендин өзү таң калыштуу көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул сот чындыгында да орусиялык арыздарга көмүлүп калды десек анчейин аша чапкан болбойбуз. Европа Сотуна Европа кеңешине кирген өлкөлөрдүн жарандары кайрыла алат. Европа кеңешинде 47 өлкө мүчө. Бирок Европалык сотко мисалы былтыр түшкөн арыздардын ар бир бешинчиси Россиядан болду. Бул өлкөдөн бардыгы болуп, бир жылда 12 миң арыз түшткөн.

Страссбург сотунун орус бийликтерин күнөөлүү деп тапкан көп сандаган чечимдери Москвада бийликтердин кыжырына канчалык тийгенин элестетүү кыйын эмес. Ал чечимдердин негизинде Кремлдин Чеченстандагы федералдык күчтөрдүн зордук-зомбулуктарын моюнга алууга мажбур болушу бийлик өкүлдөрүнө өзгөчө жакпайт. Мисалы, ушул жайда сот чечен парламентинин мурдагы спикери Руслан Алиажаевдин өлүмү үчүн Россия мамлекетин күнөөлүү деп таап, Москваны Алиажаевдин энесине моралдык компенсация катары 40 миң евро төлөөгө буйруган.

Ушул өңдөнгөн чечимдерден улам президент Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавровдор Европалык сотту Россияга каршы "саясий" өкүм чыгарат деп күнөөлөшкөн. Ошол эле убакта Россия соңку жылдары Адам укутары боюнча Европалык сот менен кызматташууга ниетин көрсөтүп келет. Анын ичинде бул соттун талабы менен камак жайларынын жана түрмөлөрдүн шарттарын жакшыртуунун үстүндө бир катар иштерди аткарды.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG