Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:11

ПАКИСТАН МЕНЕН ИРАНДАГЫ БАЛУЖИЛЕРДИН АБАЛЫ


Түштүк-батыш Пакистан менен Түштүк-чыгыш Ирандын жашоо үчүн ыңгайсыз тоолуу аймактарында, чөлдөрүндө 8 млн.дун тегерегинде балужи улутундагы эл жашайт. Алар жалпы эле Азиядагы эң жакыр жана эки өлкөдө тең дайыма дискриминацияга алынып, бийликтен четтетилгендер катары белгилүү. Пакистан менен Иранда отурукташкан балужилердин жашоосу кандай шартта жакшырышы мүмкүн?

Балужилердин мекенинин жайгашкан жери соода-алакаларын өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу, анын үстүнө, кен-байлыктары да көп экени айтылат. Ошентсе да, алардын лидерлери Пакистанда да, Иранда да балужилердин укуктары бузулуп, саясатта орун берилбей келатканын билдиришүүдө.

Эларалык Кризис тобу 22-октябрда жарыялаган отчетунда “Пакистанда жакында болчу шайлоолор ачык жана акыйкат өткөндө гана балужилер да өлкөнүн саясий турмушунда активдүү катыша алышмак” деп билдирди.

Балужистан провинциясында 8 миллиондой калк жашайт, алардын жарымысы – паштундар. Провинция өзү Пакистандын 700 миң чакырымдай жалпы аймагынын жарымындайын ээлейт. Бирок балужилердин ичинде куралданган улутчулдар менен Пакистандын армиясы ортосунда бир канча жылдардан бери уланып келаткан тирешүүгө азырга чейин чекит коюла элек.

Балужилик лидерлер өз аймактарына караштуу жаратылыш байлыктарына өздөрү ээлик кылууну жана регионго автономия берилишин самашат. Бирок Исламабад аларды козголоңчулар катары билет.

Пакистандык укук коргоочу И.А.Рехмандын айтымында, ортодогу араздашуу, атышуулардын айынан миңдеген балужилер башка аймактарга качып кетүүгө аргасыз болушту. Бул, анын пикиринде, адам укугу жаатында толгон-токой мыйзам бузуулардын катталышын шарттады.

- Бул жерде башкы эле маселе чекеге чыккандарды басынтууда болуп жатат. Мисалы, проблеманын өзөгүн адамдардын жоголуп жатышы түзөт. Балужистандагы проблемалардын өзөгүн ал жактагы адамдар алардын байлыктары мамлекет тарабынан тартылып алынган, жери, кен-байлыктары алардын өзүнө карабай калган, сөз эркиндиги жок деп билишкени түзөт, - дейт укук коргоочу Рехман.

Эларалык Кризис тобу балужи жаңжалын “унутулган конфликт” деп атады. Уюмдун билдиришинче, тирешүүлөрдүн айынан 84 миңдей киши там-жайсыз калды, миңдеген балужи улутчулдары камакка алынган, жүздөгөн кишилер белгисиз жоголуп кеткен.

Ошол эле учурда Пакистан бийликтери регионду өнүктүрүүгө миллиарддаган доллар акча коротуп, деңиз боюнча Гвадар деген порт салышканын, авто-темир жолдорду куруп, эми Балужистанда алтын чыгарууга, мунай-газ өндүрүүгө арналган дымактуу долбоорлорду ишке киргизүүгө белсенип турушканын айтышат.

Коңшулаш Иранда да 2 миллиондой балужи жашайт. Аларды деле ошондой эле проблемалар ойлонтууда.

Адам укугун коргоо жаатында иштеп келаткан эларалык “Amnesty International” уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча изилдөөчүсү Древери Дайктын айтымында, Ирандагы балужилер экономикалык жактан да, маданий жактан да дискриминацияга кабылып келишет. Дайк, андан сырткары, Иранда балужиликтерге каршы бийликтер, коопсуздук кызматтары көрүп жаткан аракеттер туралуу да билдирди.

Укук коргоочулардын айтымында, эгерде Пакистанда жакында боло турган парламенттик шайлоо ачык жана акыйкат өтсө, бул балужиликтердин да саясий турмушка аралашышына шарт түзмөк.

Ал эми Ирандагы кырдаал боюнча укук коргоочулар дүйнөлүк коомчулук Тегерандын өзөктүк программасынан да ал жактагы адам укуктарынын абалына көбүрөөк көңүл бурушат го деген үмүтүн билдиришти.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG