Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

21:21 Оппозициянын жаш лидерлеринин бири Адилет Айтикеев кармалды


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова билдирди. Анын айтымында, апрель окуяларынан кийин Улуттук коопсуздук боюнча комиттеттин кызматкерлери тарабынан издөөгө салынган “Канжар” жаштар кыймылынын лидери А. Айтикеев Казакстандын Алмата шаарында тергөөдөн качып жүргөн. Окууну улантуу үчүн документтерин алуу максатында Кыргыз-түрк “Манас” университетинин ректору менен байланышка чыкканда, ректор аны өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырган. “Айтикеев ректор менен жолугушуу үчүн келгенде, аны УККнын кызматкерлери күтүп турган экен. Менин маалыматым боюнча, Адилет азыр УККда сурак берип жатат”,-деди Азиза Абдырасулова. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG