Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:04

ПАРЛАМЕНТ КЕТТИ, АЛТЫН ПРОБЛЕМАСЫ КАЛДЫ


Канадалык “Камеко” корпорациясы ушул жылдын 30-августунда кыргыз өкмөтү менен кол койгон мунаса келишимди кайра карап чыгууга ниеттенип жатканы айрым маалымдоо каражаттарында кабарланууда. Октябрь айынын башында кыргыз парламенти мунаса келишимди узакка талкуулап, ал тууралуу комитет корутундусу жоктугунан токтом кабыл алган эмес.Эл өкүлдөрү маселени 21-октябрдагы референдумдан кийинге калтырышкан. Парламенттин таркатылышынан соң кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын мунаса келишиминин тагдыры арасат калды.

Кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” корпорациясынын ортосундагы 1992-жылкы башкы келишим буга чейин бир нече ирет өзгөртүлгөн. 2003-жылдын аягында Н.Танаевдин өкмөтү парламент каршылыгына карабай “Кумтөр” алтын кенин “Центерра Голд” компаниясына кошуп, андан энчисине тийген 33% акциясынын 17% фондулук биржада 84 миллион долларга сатып ийген.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин өкмөт менен канадалык компаниянын ортосунда эки ирет сүйлөшүүлөр жүрдү. Кийинкисинде тараптар бир пикирге келип, ушул жылдын 30-августунда Бишкекте өкмөт менен “Камеко” корпорациясынын ортосундагы мунаса келишимге кол коюлган. Кыйналып табылган мунаса келишим Жогорку Кеңештен өтпөй, арасат каларын ушу тапта премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан А.Атамбаев ойлобосо деле керек. Ошондон ал 9-октябрда:

- Мен депутаттардын маанайын көрүп турам, менимче, парламент ратификациялайт. Мен ишенип турам,- деп отурбайбы.

“Камеко” корпорациясынан 410 миллион долларлык 32,3 миллион акциясы өкмөткө өтөрү, анын натыйжасында Кыргызстандын “Центерра Голд” компаниясындагы акциялары 30,6% көбөйөрү, акциянын баасы көтөрүлсө бул 1 милилард ашуун доллар акчаны түзөрү, мындан сырткары алдыдагы үч жылда салыктар менен төлөмдөрдөн өлкө 160 миллион доллар акча табары жөнүндөгү жүйөө кеп эл өкүлдөрүн ынандыра алган жок. Келишимдин ратификацияланышы 10-октябрга, андан соң 21-октябрдагы референдумдан кийинкиге жылдырылды. Референдумдан кийинки окуялар болсо элге айтпасак деле дайын.

Эмкиси, жалаң партиялык тизме менен парламент шайлоо чыр-чатаксыз өтүп, ал маалында ишин баштап ийген күндө деле жаңы өкмөттүн эскиден калган келишимди апыл-тапыл жактырып ийиши да күмөндүү. А бирок, алтын маселелерин иликтеген мурдагы парламенттик комиссиянын жетекчиси Болот Шерниязов келишимди кайра карап чыгуу канадалык корпорациянын экономикалык кызыкчылыгына туура келбейт деген пикирде.

-Бул «Камеконун» кызыкчылыгы эмес. Ким кандай кадамга барарын айтыш кыйын го.

Ал эми “Кыргызалтын” акционердик коомунун жетекчи орунбасары Максат Жээналиевдин ырасташынча, келишимди карап чыгуу боюнча “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинде кеп болгон деле жери жок.

- Бүт баары баягы биз кол койгон келишимге ылайыктуу иш жүрүп жатат. Азыр акциянын баасы деле төмөндөп кеткен жери жок. Парламентте чечим кабыл алынбай, маселенин кийинкиге жылдырылышы акциянын баасына бул ирет негедир таасир көрсөтпөдү. Алар эми парламенттен ратификациядан өткөн соң келишимде көрсөтүлгөн иштерди аткарууга киришет.

М.Жээналиев быйыл “Кумтөр” алтын кени мурда белгиленген чекке жете албасын, бирок да эмдиги жылдан тарта алтын өндүрүш кыйла жанданарын билдирди. Болот Шерниязовдун айтуусунда, “Кумтөр” алтын кен долбоору - “коррупцияланган кыргыз бийлигинин символу”.

1997-жылдан 2007-жылга чейин “Кумтөрдөн” 181,5 тонна алтын казылып алынган. Анын базар баасы 1 миллиард 847 миллион 700 миң долларды түзөт. Кыргызстанга түшкөн акча 186 миллион доллар. Агылган алтын акчанын бир бөлүгүн Кыргызстан тарапка буруу аракети ошентип парламент каршылыгынан улам ушу тапта арасат асылып туру.

XS
SM
MD
LG