Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

АКШ Иранга карата жаңы санкцияларды киргизди


АКШ өзөктүк программасын токтотпогондугу үчүн Ирандын Коргоо министрлигине, Ислам революциясын коргоо корпусуна жана үч банкка карата жаңы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Кондолиза Райс жана каржы министри Генри Поулсон маалымдашты. Британиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын бул кадамын колдой турганын билдирип, Евробиримдиктин Иранга карата мындан дагы катаал чара көрүлүшүн колдой турганын жарыялады. Иран бийлиги бул санкциялар эл аралык мыйзамдарга ылайык келбей турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG