Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

10:02 Борбор Азия университети билим берүүнүн дистанциялык усулун киргизет


Долбоор декабрдан тарта Университеттин Тажикстандын Хорог, Кыргызстандын Нарын, Казакстандын Текели шаарларында жайгашкан өкүлчүлүктөрүндө ишке ашат. Дистанциялык окутуу долбоорлорду башкаруу, чет тилдер, компьютердик сабат, ишкердикти башкаруу багыттары боюнча жүрөт. Бул тууралуу 17-25-октябрь аралыгында Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда маалымдалды. Беш өлкөнүн адистери катышкан конференцияда дистанциялык окутууну өнүктүрүү маселеси талкууланды. Аны Борбор Азия университети, Эл аралык өнүктүрүү уюму менен Германиянын федералдык өкмөтү колдоду. Борбор Азия университетин 2000-жылы Ага Хан негиздеген. BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG