Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

ШАЙЛООГО БАРАТКАН ПАРТИЯЛАРДЫН САЯСИЙ-ИДЕОЛОГИЯЛЫК БАГЫТТАРЫ КАНДАЙ?


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын кезектеги маектеши белгилүү окумуштуу, социолог мударис Кусейин Исаев болду.

- Алгач Кыргызстандагы партиялардын абалы жөнүндө айтсаңыз. Бизде жүздөн ашуун партия катталганы менен алардын көпчүлүгүн эл биле бербесе керек. Дегеле партиялык тизме менен шайлоого биздин партиялар даярбы?

- Албетте, бул көп жактуу маселе. Себеби, биз партиялардын саны боюнча дүйнөдө эң алдыңкы орунга чыкканбыз. Көпчүлүк партияларыбыздын аты бар заты жок. Эгерде партияларды карап көрсөк бүгүнкү түзүлгөн партиялар чөлкөмдүк, аймактык. Экинчиси, уурулардын арамдык жол менен алган байлыктарды сактоо, өзүлөрүн коргоо үчүн түзүлгөн партия. Үчүнчүсү, жынысына, курагына, кесибине жараша мисалы аялдар партиясы, жаштар партиясы, ардагер партиясы ж.б. Төртүнчүдөн, келечеги кең саясий түзүлүшкө өтө активдүү катышкан партиялар. Кейпи, мен айткан төртүнчү партиялар булар шайлоого даяр. Калган мисал келтирген партиялар аты бар, заты жок, алар өзүлөрүнөн өзү эле саясий күрөштө жок болот.

Албетте, бул жерде саясий партиялар биригүүгө келгенде өзүлөрү идеялык, идеологиялык жактан биригиши керек болчу. Эгерде биз мындан он жети жылдык тарыхты алып көрө турган болсок, Юстиция министрлиги атайын партияларга чек коюп туруп, кайсы партиялар шайлоого катыша алат дегенде ошондо он беш партиянын тизмеси такталып, мына ушул партиялар шайлоого катышууга акысы бар эле. Себеби, алар Кыргыз Республикасындагы мыйзамдарга жооп берет деген мисал коюлган болчу. Ошондо төрт партия эч кандай шайлоого даярдыгы жок болгондон кийин шайлоого катыша албайт деп чечим чыгарылган болчу. Ал эми бүгүнкү күндө биздеги партиялар ошол партиялардын жетекчилерине карап, алардын байлыгына биригип жатышат. Мисалы, жакында эле пайда болду “Ак шумкар” партиясы. Бул “Ак шумкар” партиясы мурун оңчул күчтөрдүн кеңеши деп Европаны туураган. Бул партиянын, албетте, келечеги кийин болмок. Бүгүнкү күнү ал элге анча кабыл алынбайт. Себеби, бул либералдык балуулуктар, либералдык саясий күчтөргө өтө ишенген күч. Ошол партия бүгүн “Ата мекен” партиясы менен биригип жатат. Анткени “Ата мекен” партиясы түзүлгөндөн баштап эле солчулдар партиясы, социалдык партия болгон. Эгерде биз идеологиялар боюнча бириккен болсок социалисттик, коммунисттик, социал-демократтык партиялар бириккен болсо, анда өтө күчтүү болмок. Өзүлөрүнүн идеологиясы менен бирикти деп айтмакпыз. Бирок андай болбой жатат. Ошондой эле оңчулдар партиясы дагы ар кандай себептер менен өтүп жатышат. Бизде майда партиялар, улуттук, жарандык партиялар булардын баарынын келечеги жок болуп баратканы түшүнүктүү болуп калды. Алар бүгүн эртең, шайлоого карата партияларды кабыл алуу убактысы бүтөт. Ошого жараша бир аз эле партиялар кирет. Партиялар эч качан шайлоого даяр болбойт. Ошондуктан бүгүнкү күрөштө болуп жаткан саясий күрөштөр партияларды тандап, аларга кадимкидей жан киргизип, келечектүү партияларды Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого жигердүү иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү түзөт.

- Кыргызстанда оппозициялык партиялардын дегеле жалпы оппозициянын дарамети канчалык сиздин оюңузча?

- Бул Текебаев баш болгон оппозициялык партиялар бир топ күчкө ээ. Бирок, аларда административдик булактары пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү жок. Ошон үчүн бул партия ар кошкон партия болуп жатат. Оңчулдар да, солчулдар да биригип жатат. Албетте, республика боюнча булардан экинчи орунга чыгышы толук мүмкүн. Бирок аны келечек көрсөтөт. Шайлоого элүү күн бар. Анын кырк күнү активдүү күрөш жүрөт. Ошондо биз көп нерселерге күбө болобуз го деп ойлоймун.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG