Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:25

АДИЛЕТ АЙТИКЕЕВ ӨМҮРБЕК СУБАНАЛИЕВДЕЙ АКТАЛЫП ЧЫГА АЛАБЫ?


25-октябрда “Канжар” жаштар кыймылынын лидери, оппозициянын апрелдеги митингдериндеги баш аламандык боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн Адилет Айтикеев Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан камакка алынды. Бул боюнча укук коргоочу Азиза Абдуразулова таңкы “Азаттыкка” маек куруп берген.

- Сиздин маалыматыңызга таянсак Адилет Айтикеев Манас университетинин ректору менен жолугушуу учурунда кармалган экен. Бул окуя боюнча дагы кандай пикир айта аласыз?

- Бул окуя боюнча мага азырынча дайын болгон ушул эле маалымат. Адилет Айтикеевди кармаган кезде жанында болгон жигиттер айтышты. Башка жакка которулуп кетүү боюнча сүйлөшүлгөн экен. Өзүң келип документти алып кет деп айткан экен ректор. Ошол документтерин алып кетүүгө мажбур болгон экен. Анан ректордун кабинетине келген убакта кандайдыр бир жактан улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери пайда болуп калып кармап калышкан экен. Мага маалымат берген ошол жердеги болгон күбөлөрдүн айтуусунда ректор өзү атайын чакырган деген күмөндөрүн билдиришти.

- Адилет Айтикеев апрель митингдеринен кийин кармалып, бирок баш коргоочу чарасы менен убактылуу абактан бошотулган эле. Ага коюлуп жаткан айыптар канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

- Адилет Айтикеевдин да апрель митинги боюнча күнөөлөнүп камалган төрт баланын, дагы башка адамдарга кылмыш иши козголуп, иши сотко өткөрүлүп берилген. Алардын эч кандай деле айыбы жок. Мен бул жерде салыштырмалуу нерсени айтып кетким келет. Митингге катышып койгондугу үчүн, ошол митингге өзүнүн бир укугунан пайдаланып койгондугу үчүн алар 4-5 жылдан камалып жатышат. Адилет Айтикеев качып кеткендиги үчүн андан да көбүрөөк жазага тартылып кетиши мүмкүн. Ал эми ошол эле убакта тынч элге курал колдонуп, атып өлтүргөн адамдарды болгону шарттуу түрдө гана эркинен ажырап жатат. Ушунун өзүнүн канчалык деңгээлде Кыргызстанда адилет бар же болбосо адам укугу сакталат дегенди угармандар өзүлөрү эле чечип алса болот.

- Сиз жогоруда белгилегендей апрелдеги массалык тополоң боюнча айыпталган төрт жаранга Биринчи май райондук соту буга чейин төрт жылга күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн чектегени белгилүү. Сиздин оюңузча Адилет Айтикеевдин мындан аркы тагдыры кандай болушу мүмкүн?

- Эми бир жолу укук коргоочулар киришип, митинг, пикет өткөрүп отуруп, ушу баш коргоо чарасын өзгөрткөн элек. Бирок, жалгыз эле Адилет Айтикеев эмес, ошол кездеги Өмүрбек Абдырахманов, Өмүрбек Суваналиевдер да ушул эле айып менен кармалып, баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн болчу. Эми баарыңарга белгилүү, булардын ичинен Өмүрбек Суваналиев өтө чоң кызматка келип калды. Ал эми Адилет Айтикеев болсо бүгүнкү күнгө чейин качып жүрүүгө мажбур болуп жатат. Эми Өмүрбек Суваналиев менен Адилет Айтикеевдин коюлган күнөөсү бирдей деп эсептелген убакта да бул жигит акталыш керек. Керек болсо кызматка келиш керек. Эгер мыйзамдын алдында баары бирдей болсо. А бирок коюлган айыбы өтө оор, анын үстүнө качып кеткен деген күнөөнү коюп чоң жаза берилип калышы мүмкүн деген коркунуч бар.

- Азиза айым, кечээ Ошто журналист Алишер Саиповдун атып өлтүрүлүшүн айрым адамдар анын артында Өзбекстандын атайын кызматтары тураарын болжолдоп жатышат. Ушундай болушу мүмкүнбү?

- Андай болушу толук мүмкүн. Бул боюнча парламенттик угуу болгондо мен ушул парламенттин трибунасынан ички иштер министрине кайрылган элем. Өз көзүм менен көргөндү, Өзбекстандын атайын спецназдары биздин Кыргызстандын спецназы менен биргелешип туруп мандаттуу качкындарды кармап кетүү аракеттери болуп жатат, ошолорго көңүл бөлгүлө деп айткам. Өзбекстандын спецназдары Кыргызстанда ээн эркин жүрөт. Өзүнүн үйүндөй жүрөт деп ошондо аты-жөндөрүнөн бери берген элем. Бирок, эч кандай реакция болгон жок. Өткөн жылы атып өлтүрүлгөн Мухамат Рафикамалов Карасуу районунун мечитинин имамы белгилүү адам, билимдүү, окумуштуу адам болчу. Анын өлтүрүлгөнү дагы ушундай эле ой калтырган. Бирок аны деле эч ким иликтеген жок. Эми Алишер Саиповдун өлүмүн мен түздөн-түз анын ишмердүүлүгүнө байланыштырам, анткени анын “Саясат” деген гезити бир гана Кыргызстандын Ош чөлкөмүндө эмес, өзбек калкынын арасында да кеңири таратылып окутулуп жатканын билебиз.
XS
SM
MD
LG