Бүгүн Нарын шаарында “Ата Мекен” партиясынын жыйыны өттү. Ага партия лидерлери жана аймактын эки жүзгө чукул өкүлү катышты. Нарындагы “Азаттыктын” кабарчысы Жаркын Ибраеванын маалымдашынча жыйында суроо-жооптор көп болуп, партиянын кезектеги жетинчи курултайын өткөрүү маселери талкууланды. (EBM)