Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

16:15 Мелис Эшимканов: Менин максатым –сапаттык жаңы өсүшкө жеткенге аракеттенүү


УТРКнын башкы деректиринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Мелис Эшимканов Президенттин Жарлыгы ал үчүн күтүүсүз болгонун билдирди. «Айткандарына эки-үч эле күн болду. Мен жакшылыкка жорудум. Анткени, кечээки эле келишкис оппозициянын өкүлүн, талантына ишенип, Сенин КТРды башкара аларыңа ишенип, колун сунуп, иштеп бер дегени мен үчүн күтүүсүз болду,-дейт Мелис Эшимканов бүгүн дайындалгандан кийин сүйлөгөн сөзүндө. –Митинг митинг менен, парламент парламент менен. Бул өзүнчө эле идеологиялык чоң империя. Маселеси көп, проблемасы көп. Биз канча жылдан бери эле ошол радикал оппозиция баш болуп карапайым элге чейин КТРди кантип коомдук телевидение кылабыз, кантип реформа кылабыз, кантип сапатын эл аралык стандарттарга жеткизебиз деп аракет кылып келатабыз. Мага чейин иштеген Кыяз Молдокасымовду да мен жаман иштеди деп айта албайм. Ошончо баш-аламан мезгилде келип, орой салыштырганда аткананы тазалаганга көп аракет кылды. Эми менин максатым – сапаттык жаңы өсүшкө жеткенге аракеттенүү». (KCh)

XS
SM
MD
LG