Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

АЛИШЕР САИПОВДУ ЭСКЕРҮҮ АКЦИЯСЫ ӨТТҮ


Бүгүн Ички иштер министрлигинин жанында белгилүү журналист маркум Алишер Саиповду эскерүү акциясы өттү. Ага катышкан укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер укук коргоо органдарынан тез арада кылмыштын бетин ачып, атуулдардын коопсуздугун камсыз кылууну талап кылышты. Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармасынын начальниги Мелис Турганбаев чыгып маалымат берип, Саиповдун атып өлтүрүлгөнү тууралуу кылмыш иши козголуп, тиешелүү кызматтар тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Ички иштер министрлигинин жанына элүүгө чукул адам чогулду. Алар укку коргоо органдарынан 24-октябрда Ош шаарында белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн белгилүү журналист Алишер Саиповго байланыштуу кылмыш ишин тез арада бетин ачууну талап кылышты.

-Биздин негизги талабыбыз, укук коргоо органдары кесиптешибиз Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин бетин тез арада ачуусу керек. Буга чейин бир нче журналисттерди сабап, денесине салака келтирген окуялардын бети ачылбай, жабылуу аяк жабылуу боюнча калды. Эми минтип бир журналистибизди атып өлтүрүп кетти. Буга жол бербешибиз керек. Бүгүн укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер тилектештик билдирип, ушул акцияны уштуруп жатабыз. Мындан ары да журналисттерди өлтүрүп кетпесин, коопсуздугун камсыз кылсын деген талапты коюп атабыз,-деди «Журналист» коомунун төрагасы Марат Токоев.

Ал эми ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармасынын начальниги Мелис Турганбаев министрликтин жанында акция уюштургандарга чыгып маалымат берди. Анын айтымында, азырынча шектүү адамдар кармала элек, учурда тиешелүү кызматтар эки верция боюнча иштеп жатышат.

-Азыр биздин кызматкерлер Саиповдун кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу биринчи верциясы, экинчиси балким ал кылмыштуу топ менен бир нерселери бардыр. Мына ушул эки верция менен иштеп жатышат.

Алишер Саиповду жакындан билгендер анын бейажал өлүмү түздөн-түз кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп айтышууда. Кесиптештеринин баамында Саипов жаштыгына карабай Борбордук Азия чөлкөмү, айрыкча Өзбекстан боюнча таамай, курч макалаларды жазып, окуяларды ыкчам, бейтарап чагылдыруу менен Кыргызстандын мыкты журналисти катары аты чыккан. Аны менен Ошто «Саясат» гезитинде чогуу иштеген Шахида Төлөгөнова, кесиптеши Саиповдун өлүмүнө Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматы түздөн-түз себепкер, деп эсептейт. Анткени «Алишер Өзбекстандагы тоталитардык режимди, өзбек бийлигин катуу сындап, чыркырап чындыкты жазган макалалары үчүн, коңшу өлкөнүн күч органдары тарабынан коркутуп-үркүтүүлөргө туш болгон»,- дейт Төлөгөнова.

«Жарандык коом коррупцияга каршы» укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова дагы Алишер Саиповдун өлүмүнө Өзбекстандын атайын кызматтарынын кийлигишүүсү мүмкүн деген пикирде. Анын айтымында, буга чейин Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагына келип, «өзүм билемдик өкүмүн жүргүзгөн» окуялар кездешкен, дейт.

-Өзбекстандын атайын кызматтары өзгөчө түштүк жергесинде жергиликтүү чиновниктердин, милициянын жооптуу кызматкерлеринин эшигин тээп кирип, кабинеттеринде каалаганындай жүргөнүн өз көзүбүз менен көргөнбүз. Анткени Анжиян окуясы боюнча качкындарды уурдап кетип, адамдарды сатып алгандыгы тууралуу бизде жетиштүү фактылар бар.

Төлөйкан Исмаилова белгилегендей Кыргызстанда сөз эркиндиги коркунучта, анткени бийликтин азыркы ыпылас саясатынан атуулдардын коопсуздугу камсыз кылынган эмес.

Эскерүү акциясына келген өзбекстандык саясий качкын Эгемназар Шайманов эки жылдан бери Бишкекте баш паанек кылып жүрөт. Анын айтымында, он беш күн мурда Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери Анжияндык бир качкынды Бишкектен кармап алып кетебиз, дегенде коңшулары, тааныштары арага түшүп алып калышкан экен. “Кийинки учурда Бишкекте дагы дайыма артыбыздан аңдуу жүрүп, баш көтөргөн өзбек качкындарын сабап кеткен окуялар күчөдү. Булар өзбек коопсуздук кызматтары менен кызматташкан адамдар экенинен эч кандай шек жок”, дейт Шайманов.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун болсо белгилүү журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кымыш иши укук коргоо кызматы тарабынан ачылбаса, «анда дүйнө коомчулугунда Кыргызстанга көлөкө түшүргөн окуя болуп кала берет», деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG