Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

26-октябрда президент Курманбек Бакиев эки башка жарлыгы менен Кыргыз Телерадио Корпорациясынын (КТРдин) башкы деректири Кыяз Молдокасымовду кызматынан бошотуп, баш деректирдин милдетин аткаруучу катары экс-депутат Мелис Эшимкановду дайындады. КТРдин жаңы жетекчисин курамы 15 адамдан турган Байкоочу Кеңеш сунуш кылыш керек эле, бирок президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов айткандай, кеңештин сегиз өкүлү кызматынан өз ыктыяры менен кетип калгандыктан, анын иши жөнгө салынганга чейин мамлекеттик сыналгы каналынын башчысын президент дайындады.

Кыргыз Телерадио Корпорациясында анын жаңы убактылуу жетекчиси Мелис Эшимкановду тааныштырып жатып, президенттин администрация башчысы Медет Садыркулов ага президент ишенээрин айтты.

- Мелис Асаналиевичти баарыңыздар тааныйсыздар, бизде, администрацияда, ага ишенич бар. Курманбек Салиевич да бүгүн эрте менен “Мен ага ишенем” деп айтты, - деди президенттик администрациянын башчысы М.Садыркулов.

М.Эшимканов өзү “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, президенттин чечими ал үчүн жаңылык болгонун жашырган жок.

- Президенттин жарлыгы мен үчүн күтүүсүз болду. Айткандарына 2-3 эле күн болгон. Мен муну жакшылыкка жоорудум, анткени оппозициядагы өзүнүн кечээки эле келишкис өкүлүн, сенин талантыңа ишенип, сенин КТРди башкара алаарыңа ишенип, колун сунуп, ушул жакка иштеп бер дегени күтүүсүз болду. Мен эми аракет кылып көрөйүн. Митинг деген митинг менен, парламент деген парламент менен, ал эми бул өзүнчө эле чоң идеялогиялык империя, маселеси көп, проблемасы көп. Биз канча жылдан бери радикалдык оппозициясы баш болуп, карапайым элине чейин “КТРди кантип коомдук телесыналгы кылабыз, кантип реформалайбыз, кантип сапатын эларалык стандарттарга жеткиребиз деп аракет кылып келаттык. Мага чейин иштеген Кыяз Молдокасымовду да мен жаман иштеди деп айта албайм. Башаламан мезгилде келип, орой салыштырганда, “аткананы тазалаганга” көп аракет кылды. Эми менин максатым – сапаттык жаңы деңгээлге өсүшкө аракет кылуу.

Мэлис Эшимканов буга дейре КТРди оппозицияга эфир бербейт деп сындап келгени белгилүү. Эми өзү сыналгы каналынын жетекчилигине келгенде да андагы оюнан тайбай турганына ынандырганга аракет кылды.

- Мен ал позициямдан жанбайм. Аны мен президент Курманбек Салиевичке да айттым. Оппозиция болобу, бийлик болобу, - баары эфирге чыгыш үчүн тең укукта болушу керек. Бирок кечээ Топчукеге окшоп эфирге чыгып алып, уят сөздөрдү айтып, тантырабаш керек.

“Азаттык”: Президент бул кызматка дал ушул сизди дайындаганына эмне себеп болду деп ойлойсуз?

- Эшимканов фронтто, оппозицияда башкы идеологиялык күч экенин, гезит элге эмне үчүн жагаарын президент көрдү. Анын үстүнө, мындан 10 жыл мурда эле, Акаевдин кезинде эле, КТРди оңдош жөнүндө бир концепция жазгам. Ал бир жарым жыл мурда президенттин колуна тийген экен. Ошону Мелис жазды десе “Ушинтип оңдосо болот турбайбы” деп таң калыптыр. Бир чети, президент аябай эле тобокелге барып жатат. КТР талкаланып кетбейби деген кооптонуулар да бар. Ошонун баарына карабай, президент чечкиндүү кадам жасап, Жарлыгына кол койду.

М.Эшимкановдун айтымында, КТР менен башка эларалык маалымат каражаттары ортосунда, анын ичинде “Азаттык” менен, биргелешип түзүлгөн программалар улантыла берет.

- Менимче, андай долбоорлорго приоритет берилиши керек, себеби “Азаттыктын”, көрүп жатпадыкпы эки жылдан бери, “Ыңгайсыз суроолору” болобу, жаштарга арналган “Азаттык+” программасыбы, - баары эле элге аябай жагып жатат. Эгер “Би-Би-Си” да өзүнүн форматында келсе, башкалар келсе да, биз кучак жайып эле тосушубуз керек, - деди КТРдин башкы деректиринин милдетин аткаруучу Мелис Эшимканов.

Ал эми буга чейинки башкы деректир Кыяз Молдокасымов президенттин жарлыгына карата төмөндөгүдөй оюн билдирди.

- Парламенттик шайлоонун алдында бул жактагы жагдайларды жакшылап карап, шайлоону жакшы өткөрүп, бекемирээк карап берсин деген ниет болсо керек. Негизинен, биз “Азаттык” радиосунан бул жакка келээрде президент: “КТРди “Азаттык” радиосуна айландырып бер”, - деп айткан эле. Ал эми өткөндө өкмөттүн бир жыйынында президент: “КТР КТРэмес эле “Азаттык” болуп кетти го”, - деп калды. Муну менен президент өзүнүн жыйынтык сөзүн айтты окшойт. Чынында, бул жерди “Азаттык” радиосунун деңгээлиндеги эларалык стандартка көтөрүү үчүн болгон аракетибизди жумшадык. Бул саясат экен, депутаттар таркатылганда айрымдарына ушинтип бийлик бөлүштүрүлөт экен. Балким, ошол себептен ушундай кадамдар жасалгандыр. Биз президенттин болгон саясатын элге жеткирип берип жаттык. Болгон аракеттин баарын мамлекеттин кызыкчылыгында жасадык. Биз акыркы эки жылда өзүбүздүн милдетибизди, негизинен, аткарып бүттүк десек болот.

“Азаттык”: Президенттин жарлыгынан кийин көңүл калуу болбодубу?

- Көңүл-калуу, тааныруу деген нерсе ар бир инсандын өзүнөн. Президенттин айланасында ишенимдүү адамдар дагы көбүрөөк болсо экен, бир жолу сатып кетип, кайра эле кийин бийликтин кызыкчылыгында кызмат кылган убактылуу адамдар аз болсо экен деп айтып келгенбиз. Ишенимдүү адамдар көп болсо, мамлекетте көптөгөн иштер алдына жылат. Мында тааныруу, көңүл-калуу деген нерсе жөнүндө мен эч нерсе айта албайм. Азыр бир аз эркиндикке чыкканыма сүйүнүп турам. Менин ишим сегизде башталып, түнкү 12де бүтчү, эми, жок дегенде, кичине эс алып, көптөн бери унутулуп калган илимий иштеримди алдыга жылдырганга жакшы шарт түзүлүп турат. Анткени илимий иш, анча-мынча бийликте жүргөнгө караганда, түбөлүктүү иш деп ойлойм.

“Азаттык”: Сизге президент башка кызмат оордун сунуштаган жокпу?

- Президент өзү конкреттүү кызмат оордун сунуштаган деле жок. Администрация башчысы Медет Садыркулов бир-эки жагдайлар тууралуу айтты. Мен өзүм бул жерден жакка орношоор алдында эс алышым керек, кийин ойлонушуп көрөлү дедим. Иши кылып, ачык, так сунуш болгон жок, - деди КТРдин буга чейинки башкы деректири Кыяз Молдокасымов.

Жаңы деректир Мелис Эшимкановдун айтымында, КТР азырынча коомдук эмес, Мамлекеттик телерадио компания бойдон калууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG