Бул тууралуу “Азаттыкка” Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Каныбек Чолпонбаев кабарлады. Анын айтымында ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү ушул күнү кылмышкерлерди кармап колго түшүрүү боюнча кезектеги рейд иштерин өткөрүп аткан. Биринчи посттон токтобой кеткен “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүнүн машинесин экинчи посттон токтотушкан. Асманга ок атылганы ырас. Мурунку депутаттарды тааныгандан кийин кечирим сурап кое беришкен. (EBM)
20:30 Атамекенчилерди ИИМдин уюшкан кылмыштуулулук менен күрөшкөн бөлүмүнүн кызматкерлери тоскон