Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

ЕВРОБИРИМДИК МЕНЕН ОРУСИЯ ОРТОСУНДАГЫ АЖЫРЫМ


Муса Мураталиев, Москва Португалиянын борбору Лиссабондо кечээ иши аяктаган «Евробиримдик - Орусия» саммитине Орусиянын президенти Владимир Путин катышты. Саммитке көз салгандардын байкашынча, энергия кубатынын коопсуздугу, соода жана адам укугун коргоо маселелериндеги пикир келишпөөчүлүк сүйлөшүүнүн жүрүшүн кыйындаткан. Саммит ачылаарга чукул адам укугун коргоочу уюмдар, «Эл аралык мунапыс» жана «Хьюмэн райтс уотч», Еврошаркеттин лидерлерине кайрылышып, аларды Орусияда адам укугу жаман абалга жетип калышын, ошондой эле өлкөнүн демократиялык жолдон четтеп кетишин, жолугушуу үстүндө козгоого чакырышкан.

Лиссабондо өткөн Орусия – Евробиримдик саммитинде соода жана энергетика боюнча кеп олуттуу талкууга алынган. Еврокомиссия жаңы концепция сунуш кылган. Анын арибине ылайык, энергия кубатын берүүчү кара май менен газ отунун өндүрүүчү компания үчүн бир эле учурда аларды сатышка тыюу салынат экен. Бул эки жумушту тең жалгыз аткарып келаткан мамлекеттик «Газпром» компаниясы үчүн мындай сунуш башка чапкандай маселе болгон дешет.

«Новые Известия» жазганга караганда Маскөөнүн көзүн кызарткан маселе соода боюнча Евробиримдик менен кызматташуу келишимин узартуу да болуптур. Эмне дегенде, мурдагы, 1994-жылы жетишилген келишим күчү 1-декабрда бүтөт экен.
Орусиянын илимдер академиясынын германиялык изилдөө борборунун жетекчиси Владислав Беловдун пикирине караганда, бул жолку саммит жаңы жетишкендиктерди жаратпайт. Ошол эле учурда «таң каларлык» жыйынтык берет:

- Анын жыйырманчы жолу өткөрүлүп атышынан эмес, Путин самаган өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимдин мөөнөтүн автоматтык түрдө узартып берет.

«Известия» болсо Орусия – Евробиримдик саммити кийинки жылы өтөт жана ошондо Маскөө менен Европа Биримдиги алакасынын кандай жолго түшө тургандыгы толук такталбаса да «божомолдонот» дейт.

Ал эми саясатчы Алексей Мухиндин болжолунда: «Биз кийинки, 2008-жылы Орусия федерациясынын президенти кылып кимди шайлайбыз жана Владимир Путин кеткенде анын ордун ким басат, Европа ошону күтүп атат.»

Орусиялык лидер Путиндин оозундагы кепте батышка боор ачуу бар:

- Мен Европа менен мамиле ошончолук эле аянычтуу абалда деп ойлобойм. Пикирлер, төп келбеген маселелер бар. Кээде биз Еврокомиссиалык өнөктөштөр менен тартышканда, биздин оппоненттерге караганда биз көбүрөөк европалык кызыкчылыкты коргогондой сыяктанабыз.

XS
SM
MD
LG